Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Кыргызстанда бут кийим өндүргөн фабрика ишке кирди

Өлкөдө бут кийим чыгарган жаңы фабрика ишке кирди. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өндүрүш 2019-жылы иштеп баштап, инвестициянын жалпы көлөмү 2 миллиард долларды түзгөн. Бут кийим ишканасы «Хейлунцзян» ЖЧКсынын буга чейинки долбоорунун каражатына ачылган.

«Өлкөдө бут кийим чыгарган мындай өндүрүштүн аналогу жок. Анда чыгарылган продукциянын көбү экспортко кетет. 40 пайызы Казакстанга жөнөтүлүп, жылына ишканада 600 миң жуп бут кийим өндүрүлөт», — деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, компания алдыда спорттук бут кийимдерди чыгарууну да пландап жатканын билдирди.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика