Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Мурдагы Кара-Балта килем заводу кайра ишке кирет

Мурдагы Кара-Балта шаарындагы килем чыгаруучу завод заманбап текстиль фабрикасына болуп иши кайра жанданат. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, долбоорду Турциянын ишкерлери менен бирге ишке ашырылмакчы. Анын жалпы суммасы 400 миң долларды түзөт.

Азыркы күндө иштебей турган килем заводдун жалпы аянты 53 чарчы метрге жетет.

Ишкананы куруу боюнча иштер азыртадан эле жүрүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 25 миллион доллардан ашат. Ишке ашырууну «Декна Бишкек Текстиль» ишканасы жүргүзөт.

Фабрика заманбап техника менен жабдууланып, өзгөчө даярдалат.

Ишкана өз тармагында уникалдуулугу менен айырмаланмакчы.

Аталган долбоор чоң социалдык мааниге ээ. Жаңы өндүрүш 800дөн 1000ге чейин кыргызстандыктарды жумуш менен камсыздайт. Өлкө ичинде жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет.

14-декабрда ата мекендик ишкерлердин түрк бизнес делегациясы менен жолугушуусу болот. Анын алкагында гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы эң келечектүү долбоорлорду тандоо өткөрүлөт.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика