Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Чүй районунда мамлекеттик кызматкерлерге бир катар талаптар коюлду

Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын кичи залында Чүй районунун айыл өкмөттөрүнүн аппараттары жана мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Анда кызматкерлердин милдеттери каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Жыйынга жүздөн ашуун кызматкерлер катышты. Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Алтынай Калыкова ар бир кызматкердин функционалдык милдеттерин так, даана бөлүштүрүү керектигин, кызматкерлер кызматтык милдеттерин толук кандуу аткарып жаткандыгын жетекчилер көзөмөлгө алуусу, ошондой эле иш кагаздарын, арыздарды кароону сапаттуу, өз мөөнөтүндө аткарылышы, мамлекеттик жарандык кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлердин этикасын сактоо, дресс-кодду көзөмөлгө алуу боюнча катуу талап койду.

Ошондой эле, жыйындын соңунда 28-ноябрда боло турган шайлоого карата ар кандай үгүт иштерине аралашпоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн тиешелүү милдеттерди жана чектөөлөрдү белгиленген шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактоо керектигин баса белгиледи.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика