Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Азык-түлүк менен камсыз болушту

Беловодск айылынын борбордук аянтында 153 оор шарттарда жашап жатышкан жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.  Кайрымдуулук иш-чара райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу менен «ИХСАН-ХАЙРИЯ» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды. Жардамдын жалпы суммасы 650 миң сомду түздү. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамаджанова аталган фонддун төрагасы Магомед Магомедовго Москва райондук акимчиликтин  атынан ыраазычылык кат тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.  Белгилей кетсек, аталган иш-чарада Беш-Терек, Төлөк, Целинный, Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жана райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган инсандарга жардам кºрсºт¿лд¿. Аларга ун, суюк май,  томат пастасы, макарон, кумшекер, күрүч жана буурчак таркатылды.     Жардам алган инсандар  «ИХСАН-ХАЙРИЯ» кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү Ислам Мурзакимов менен Эркин Карагуловго ыраазычылыктарын билдиришип баталарын беришти.

Г¿лмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика