Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Урпактар бабаларды эскеришти

Токмок шаарыбыздагы №23 кесиптик лицейде   “Бабалар мурасы –унутулгус тарых” аттуу ата-бабаларды эскерүү аземи чоң салтанат менен белгиленди. Аталган иш-чарага Токмок мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси Арген Кененсариев, лицейдин директору Нурбек Төрөкулов, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышышты.
   Маданий иш-чаранын жүрүшүндө  өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө карай  басып өткөн оор тарыхый жолун, мамлекетибиздин түптөлүшүнө зор салым кошкон белгилүү инсандардын өмүр баянын чагылдырган  видео-слайддар көрсөтүлдү.
Анда 1937-жылы  элибиздин  мамлекеттүүлүгү үчүн репрессияланып кеткен кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү тууралуу маалыматтар да айтылды. Андан соң, 1-2 курстун  окуучулары ата-бабалардын урматына, алардын элесин жана мекенди даңктаган чыгармаларын аткарышты. Мекенчил, саясый ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн үзүндүлөр окулду. Анда жазылган: “Азыркы Кыргызстанды  сактагыла,барктагыла!” деген  сөздөрү жаш муундарга жана кийинки урпактарга ураан, кайрылуу катары калтырылды.
Сахнада ата-бабаларга  арналып, “Даткайым” чыгармасы, “Курманбек дастаны”, ыр-күүлөр жаңырды. К.Жанттөшевдин “Ажар” повестиндеги каармандын монологу сахналаштырылып көрсөтүлдү.
Концерттик программаны даярдаган кыргыз тил мугалими Дамира Мамыркулова  окуучулары менен бирге көрүүчүлөргө унутулгус элес калтырышты. Алар лицейде келечектеги кесип ээлери гана эмес, өнөрлүү таланттар билим алып жаткандыгын далилдешти. Алардын эмгегин жогору баалап, Арген Кенесариев лицейдин жетекчилигине чоң ыраазычылыгын билдирип, “Ардак грамотаны” тапшырды.

Маданий иш-чара аталган окуу жайда окуган окуучулардын патриоттук сезимдерин чыңдоого, өнөрлөрүн өркүндөтүүгө, өз кесибин, мекенин  сүйүүгө чоң салымын кошту.

Б.Сыдыкова

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика