Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Шайлоого карата даярдыктар жүрүүдө

Өлкөнүн тагдырын чече турган тарыхый күнгө чейин саналуу гана күндөр калды. Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешине шайлоолор  28-ноябрга  белгиленген.  Ага карата даярдыктар жана административдик ресурстарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери  ыкчам жүрүүдө. Алдыдагы шайлоо өнөкөтү мурдагыларга караганда ушул жагы менен айырмаланмакчы. Бул тууралуу Чүй-Токмок-Кемин №31 –округдук комиссиясынын төрайымы  Акак Айболотова билдирди.  Чынында, бул жолку шайлоолор таза, айкын жана ачык өтөөрү тууралуу убадалар күч. Буга элдин ишеними да артууда

Төрайымдын айтымында, аталган округда шайлоо участкаларын  шайлоого даярдоо иштери жүрүүдө. Чүй району боюнча 31 шайлоо участогу бар. Аймакта  37 257 шайлоочу катталган. Ал эми  Токмок шаарында  39149 шайлоочу катталып, 20 шайлоо участогу ачылган. Чүй-Токмок-Кемин 1 мандаттуу округда 13 талапкер, өлкө боюнча 21 саясый партия ат салышмакчы.
Шайлоо участоктору  иденттештирүү жабдуулары, кеңсе товарлары, бет каптар, антисептиктер менен камсыздалган.  Урналарды эсептөөчү аппараттардын (АСУ)  иштөө шарттары менен таанышуу жана туура тейлөө максатында шайлоо комиссиянын мүчөлөрү  борбор калаада атайын  үч күндүк окуулардан билим алып келишкен. Учурда алар график боюнча  калган комиссиянын мүчөлөрүн алган билимдери менен бөлүшүп, окутуп жатышат. Ар бир шайлоо участогуна экиден комиссиянын мүчөсү бөлүнгөн.

Шайлоо участоктору байланыш телефондору, интернет, мамлекеттик символикалар, өрт өчүрүүчү, жылытуучу жабдуулар, генераторлор менен камсыздалышы шарт. Бул талаптар жергиликтүү бийлик ээлерине жүктөлүүдө.
Учурда 29-октябрда депутаттыкка талапкерлер жана партиялар арасында  башталган үгүт иштери жүрүүдө. Аны менен бирге  адаттагыдай, талапкерлердин опол-тоодой убадалары берилүүдө. Алардын  мыйзам чегинде өтүшүнө  жергиликтүү бийлик ээлери көз салууда.
Бул шайлоодо эл  добушун сатпастан, өзү каалаган, өзү ишенген талапкерге жана партияга өз добушун  берүүгө  шарттар түзүлүүдө. Демек, элдин жана өлкөнүн тагдыры  шайлоочулардын өз колунда экенин унутпайлы.

Б.Байдылдаева.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика