Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Орловка шаарынын Фрунзе көчөсүн оңдоо иштери бүттү

Орловка шаардык мэриясынын Фрунзе көчөсүн оңдоо боюнча өтүнүчүн «Алтынкен» ЖЧКсы жүзөөгө ашырды.

Ошентип кыска убакыттын ичинде Фрунзе көчөсү менен Кудряшова көчөсүнүн бир бөлүгүн оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул көчөнүн жашоочулары чуңкурларды айланып өткөн унаалар үйлөрдүн жанынан өтүп, адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратып баштаганын тынбай айтып келишкен.

Бүгүнкү күндө жамоо иштери аяктады. Бирок бул оңдоп-түзөө сапаттуу болуп, кадимки “патчингден” айырмаланып, асфальттын чоң аянттарга төшөлгөндүгү менен айырмаланат.

Мэриянын жетекчилиги шаар тургундарынын атынан Фрунзе көчөсү менен Кудряшов көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү жолдун үстүн жабуу маселесин тез арада чечкени үчүн «Алтынкен» ишканасына ыраазычылык билдирди.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика