Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Кеминде «Күн шооласы» («Луч солнца») карылар үйүнүн жаңы имаратынын ачылды

«Алтынкен» ЖЧКсынын башкы директору Чжан Хуахуй Кемин шаарында жайгашкан «Күн шооласы» («Луч солнца») карылар үйүнүн жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Буга чейин карылардын баш калкалоочу жайы Кемин шаардык мэриясынын бала бакчасынын имаратында жайгашып, ижара мөөнөтү аяктаган соң кайтарылып берилиш керек эле.

Социалдык мекеменин директору Синюк Татьянанын айтымында, алар өздөрүнүн жеке участогуна бардык шарты бар эки кабаттуу имарат курушкан. Учурда мекемеде 26 карыялар бар, аларга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Имаратта ажаткана, душ бөлмөсү, аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө ыңгайлуу бөлмөлөр, заманбап жабдылган ашкана, ошондой эле эс алуу жана телевизор көрүү үчүн бөлмөлөрү жайгашкан.

Жаңы өстүрүлгөн гүлдөр кары-картаңдар үйүнүн көркүн чыгарып турат. Башкача айтканда, баш калкалоочу жайдын жетекчилиги ушул үйдө жашоочулар өздөрүн өз үйүндөй сезиши үчүн бардык аракеттерди жасаган.

Иш-чарага “Алтынкен” ишканасынын башкы директору Чжан Хуахуй компаниянын атынан карылар үйүнүн жетекчилигин жана тургундарын жаңы имараты менен куттуктап, 50 литр өсүмдүк май, 250 кг ун жана 50 миң сом тапшырды.

Ал өз сөзүндө «Алтынкен» компаниясы турмуштук оор кырдаалга туш болгон адамдарга туруктуу негизде жардам көрсөтүп келерин жана мындан ары да көрсөтө берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде Татьяна Синюк «Алтынкен» компаниясына бул мекеменин кары-картаңдарына дайыма кам көрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

  • «Алтынкен» компаниясына терең ыраазычылык билдирем. Себеби, ар бир майрамда эле эмес мындай жай учурда деле, биздин мекемеге жакындан жардам берип келесиңер. Сиздер бар үчүн биздин карыларыбыздын көңүлү куунак, курсактары ток, жашаган жери жылуу. Ошондуктан Чжан Хуахуй мырза, сиздин кайрымдуулук иштериңиз үчүн терең ыраазычылык-деди мекеменин директору Татьяна Синюк.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика