Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Бакыт Тентишов менен «Ынтымак» партиясынын эл караган жүздөрү ЖКны карасын

1.Атооч жөндөмө

Бакыт Тентишов жаш саясатчы, бул саясатка жаңы аралашып баратып,башка саясатчылардан айырмаланып турат.Себеби, бүгүнкү күндө жаш саясатчылар келип Кыргызстанды оор абалдан алып чыгууга убакыт келди. № 8 «Ынтымак» саясий партиясынын башка партиялардан өзгөчөлүүлүгү. Илгертеден ич ара чыр-чатактар күч-кубаттуу чоң мамлекеттерди бөлүп-жаруунун себеби болуп келген, буга Улуу Кыргыз дөөлөтү жакшы мисал, биз мамлекеттүүлүккө ээ болгону мындай катачылыкка жол бербешибиз керек. «Ынтымак» партиясы тарыхтан сабак алууну жана келечекти айкын түшүнүү менен партияны «Ынтымак» деп аташкан. Анткени ынтымак бар жерде гана жаратмандык бар жана күч бирдикте. «Ынтымак» партиясы үчүн өлкөнүн ынтымагы эң жогору турат – бул элдик биримдиктин жана өнүккөн Кыргызстандын улуттук идеологиясы. Чынчылдык, гумандуулук, өз ара жардамдашуу, үй-бүлө – элдик каада-салттарга шайкеш келген адеп-ахлах прициптеринен турат.

«Ынтымак» партиясынын максатына келсек:

КЫРГЫЗСТАН – ийгиликтүү, заманбап, ачык, адамдар үчүн жайлуу мамлекет, бардык жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөр өлкөсү.

АДАМ – мамлекеттин чексиз баалуу негизги капиталы, бардыгы адамдын, Кыргызстандын жаранынын бакубатчылыгы үчүн жасалат.

ЭКОНОМИКА – өнүккөн, алдыңкы технологиялардын көз карандысыз экономикасы, санариптик өнүгүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн негизи.

МАМЛЕКЕТ – натыйжалуу жөнгө салуу жана башкаруу, коомго, жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтар, чыныгы элдик башкаруу.

САЯСАТ – адилеттүүлүккө, демократиялык принциптерге жана шаардын кызыкчылыгына негизделген, саясатта коррупцияга орун жок.

ЭКОЛОГИЯ – заманбап шарттарда адам менен табияттын шайкештиги!

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР – Кыргызстандын кызыкчылыгы биринчи орунда турат, достук мамилелерди тен укуктуулук прицибинде куруу, диалог курууга ачык болуу, эл аралык аренадан татыктуу ордун табуу.

 

  1. Илик жөндөмө

Бакыт Тентишов менен бирге парламенттик шайлоого чыгышкан «Ынтымак» партиясы эмнени көздөйт?

– жыйынтыктар: натыйжага багытталган эң жогорку кесипкөйлүк жана натыйжалуулук;

– максаттарга жетишүү: ийгилик бул өзүнчө салгылашууларда эмес, согушта жеңишке жетишүү; кыска жол – дайыма даңгыр болбойт. Көбүнчө ымалага келишүүгө туура келет, бирок алар негизги багыттан тайытпаган шарттарда гана болушу мүмкүн;

– атаандаштыкка жөндөмдүүлүк: Экономикадагы эркин атаандаштык рыноктун өнүгүүсүн камсыздайт, ал эми саясий атаандаштык, идеялардын, саясий институттардын атаандаштыгы коомдун өнүгүүсүн камсыздайт, коомдун төмөндөп жана обочолонуп кетишине жол бербейт.

– эркиндиктер: Биз инсандык жана коомдук эркиндиктерди жактайбыз: эркин ынаным үчүн, ой-пикирлер менен институттардын эркин атаандаштыгы үчүн, саясий жана коомдук тандоонун эркиндиги үчүн, плюрализм үчүн, сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги үчүн, дүйнө жүзү боюнча эркин жүрүү эркиндиги үчүн, дин тутуу жана ишеним эркиндиги үчүн умтулабыз, биз ыксыз тыюуларга каршыбыз. Бирок биз жакшы түшүнөбүз: эркиндик анархияны билдирбеш керек, «сенин жеке эркиндигиң, коңшуңдун эркиндиги менен чектелүүгө тийиш».

– укуктар: Биз укуктук мамлекетти, көз карандысыз жоопкерчиликтүү кесипкөй сот тутумун жактайбыз.

 

  1. Барыш жөндөмө

«Ынтымак» партиясы тууралуу бир ооз сөз.

1) Ынтымак партиясынын курамы калкка жакын, элим-жерим деген патриот жаштардан түзүлгөн.

2) Ынтымак партиясынын 99 пайызы идеяга бай, мыйзамды сыйлаган Бакыт Тентишов сыяктуу жаштар.

4) программаларында мамлекеттеги өнүгүү пландары так жазылган.

5) Партия Бакыт Тентишов сыяктуу коррупциянын элдешкис душманы.

  1. Табыш жөндөмө

Учурда «Ынтымак» саясий партиясы эл оозуна алынып, ЖКнын депутаттыгына талапкелердин тизмеси элине кызмат кылган мыкты уул-кыздардан түзүлүптүр деп айтылып жатканы жакшы жөрөлгө. «Ынтымак» партиясына ийгиликтерди каалап, 28-ноябрда маарага биринчилерден болуп келиширин каалайбыз! Ийгилик сиздерге Кыргызстандын патриот уул-кыздары. Ата ыраазы болмоюн, азаматтын иши алга жылбайт же бата менен эр, жамгыр менен жер көгөрөт дейт кыргызда. «Ынтымак» саясий партиясы №8. Ал эми аты аталган партиядан №3 тизме менен чыгып жаткан Бакыт Тентишевдин өзгөчөлүгүнө басым жазап кетким келет.

Билимдүү, тажырыйбалуу, жөнөкөй, адамкерчиликтүү Бакыт мырза депутаттыкка «Ынтымак» саясий партиясы менен бара жатат. «Бакыт эмнеге депутаттыка баратасың» — деген суроого: «Мен элиме, жериме кызмат кылуу үчүн бара жатам. Элиме өтө керектүү болгон мыйзамдарды жазганга, жакшы мыйзамдардын эл үчүн, мамлекет үчүн иштешин көзөмөл кылууга баратам»-дейт.

«Ынтымак» саясий партиясы үгүт учурунда аксакал аталардын, ак элечек апалардын ак батасын алышты. Партиянын тизмесин караган көз сүйүнөт. Кыргыздын чыгаан уул-кыздары, потенциалдуу кадрлар, келечектеги депутаттар. Партия 8 номур менен бара жатат. Тизменин 3 санында Бакыт Тентишевди баса белгилеп койгум келди. Саткынбай Тентишев атындагы АзМИ окуу жайы, учурда Кыргызстан боюнча коррупциясы жок окуу жай. Ар бир студенттин заманбап билим алышына бардык шарттар түзүлгөн. Окуу жайдын имаратына киргендер, мамлекетибизде жаркыраган ушундай окуу жайы бар экендигине сыймыктанат. Ар жыл сайын окуу жайдын студенттери Эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүлөрү болуп келет. 2021-жылы пандемия шартына карабастан, АзМИнин студенти КМШ өлкөлөрүнүн мыкты студенти наамын алды. Албетте, студенттеринин жеңиши окуу жайдын жемиши эмеспи. Окуу жайдын ийгилиги анын жетекчилигине байланыштуу. Бакыт мырза ийгилик коштоп, шайлоодон жеңип чыгат деген тилек күч.

  1. Жатыш жөндөмө

«Ынтымак» саясий партиясы №8 чи катар номер менен кетип жатат. 8 санынын оң мааниси — бул өжөрлүк, кайраттуулук жана чоң бизнес же саясий кадамдар сыяктуу сапаттар. Биздин дүйнөдө болуп жаткан нерселердин бардыгын башкарып турган типтеги адамдар. Андыктан, алардын алдыга койгон максаты:ар кандай жетүүгө мүмкүн эмес делген тапшырмалар жана тоскоолдуктары жок аткарылат. Ар дайым чынчыл, жөнөкөй адамды туура түшүнгөн жарандардан тизме түзүлгөн. «Ынтымак» саясий партиясы башка партиялардан айырмаланып, башкаларга асылып, жаман сөз айтпастан, өзүнүн үгүт иштерин жүргүзүштү. Парламентте саясий оюндарды токтотуп, мыкты мыйзамдарды чыгарат деген ишеним зор. «Ынтымагы бар элдин таалайы-багы ачылат. Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат»-деп кылым карыткан кыргыз элибиз бекер айтпаса керек. «Ынтымак» саясий партиясынын башка партиялардан өзгөчөлүгү Кыргыз мамлекетинин жети дубанынан чыккан интеллигент, мыкты жаштардын башын бириктирип шайлоого аттанганы. Эгерде буюруп, ушул партия жеңип Жогорку Кеңешке барып калса, мурунку чакырылыштан ат чабым мыкты иштери бышык.

Ушул парламентке келсеңер «Ынтымак» партиясынын мыкты талапкерлери депутат деген ким болушу керектигин, алардын интеллектуалдык деңгээли канчалык жогору болуш керектигин көргөзүп койгулачы. Болбосо, базардын деңгээлинен жогору чыга албаган депутаттар карапайым калкка жек көрүндү болуп бүтүштү. Учурда Аламүдүн районунун көк бөрүчүлөрү айыл айыл болуп көк бөрү боюнча мелдештерин уюштуруп жатат. Мындай улуттук оюндарды өткөрүүдө Бакыт Тентишовдой жаштардын да тиешеси бар. Ырыс алды -ЫНТЫМАК, маарага 1-чилерден болуп келгиле. Көпчүлүк сиздер менен!!!

 

  1. Чыгыш жөндөмө

Ооба, бүгүнкү күн үгүттүн акыркы күнү, бүгүнкү күн кыргыздын ар бир уул-кыздарын соцтармакка алып чыгып, эли, жери үчүн кылган кызматын айтып бере турган күн. Эл тараза, өздөрү билет кимди шайлашты. Таза шайлоо-элдин келечекке болгон үмүтү. №8 тизмеде бараткан «Ынтымак» саясий партиясынын №3 катарындагы Тентишев Бакытты Чүйлүктөрдүн көпчүлүгү жакшы көрүшөт экен. Быйылкы жайда өтө кургакчылык болуп, дыйкандарды эгиндери куурап жатканда, райондордогу дыйкандарга жакындан жардам берип, суу чыгарып, жумушчулар менен катарда эле суу түтүктөрүн тартып чогуу иштешкенине күбө болгондор бар.

Кыргызда: «Атага тең уул, атадан кем уул»-деген сөз бар. Тентишев Бакыт дагы Тентишев Эркин агабыздын уулу. Бул дагы «Атага тең уул» деп айтсак болот. Ал интеллектуалдык деңгээли жогору, адамкерчилик, сыпайы, билимдүүлүгү, алдын -ала геосаясатты көрө билгени менен айрымаланат. Анын патриоттулугу, элин -жерин сүйөө билгендиги бардыгына жагат. Баардык жакшы иштин башаты ЫНТЫМАК! Ошентип саясий майданда күрөш аяктап, жыйынтык чыкканы турат. Бөлүнүп жарылуу ал жээк бул жээк, тууган урук, айыл- айыл болуп ички бөлүнүү баары эле Кыргызстандын ичинде болуп жатканын унутпайлы. Жакшы партия түздөп кетет, жаман партия бөлөт жарат, элди сатат жана сатып алат! Ушундай жаман жоруктарды жоюп, электораттын алдында татыктуу болуш үчүн, таза добуш алыш үчүн калп айтып, жел ооздонгондон алыс болуу керек! Кудайга шүгүр, ошондой таза партиялар бар экен! Алардын түпкүлүгү терең, лидери күчтүү, жүзү жарык, билими терең, партиясынын катарында акыл эстүү, реформатор, инновациялык бурулуш жасап кетейин деген ынтымактуу санаалаштары болот!

«Ынтымак» партиясынын талапкерлери жакшы тандалыптыр! Тизмеде тизилген талапкерлерди карап туруп, кыргызымдын жаркылдаган уул-кыздары эли учун кандай кызмат кылып келишет деп ишенсе болот. Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай, №3 Бакыт Тентишев жаш болсо дагы 2019-2021-жылдары карапайым калкка өтө көп жардамын берди. Аламүдүн районундагы Воронцовка айылынын тургуну Кадырова: «Карантинге жабылып, ар бир адам өз өмүрү менен күрөшүп жаткан учурда, үйдө азык-түлүк азайып, карайлап, эмне кылаарыбызды билбей калдык. Базардын бары жабык болчу. Аңгыча азык- түлүк берип жатышыптыр деген сөз угулуп калды. Айтылган жерге барсам, Тентишов Бакыт экен. Илбериңки, кичи пейил бала келиңиз эне деп -бир мешок ун, май, чай, кумшекеринен өйдө берди. Мендей жалгыз бой, пенсияда жашаган кемпирде каяктагы акча. Эми кантип жеткирем — деген ой келди. Ал менден сурабай туруп эле жеңил машинесине салып, үйүмө киргизип берди. Ошол Тентишов Бакыттын берген азык-түлүгү элди ачкачылыктан алып калды. Кыргыздын уулдары Тентишов Бакыттай адамкерчиликтүү болсо деп тилейм деп батасын берип жатат. Ооба, мындай карапайым калктын пикири миңдеп саналат.

№8 ЫНТЫМАК саясий партиясынан №3 ТЕНТИШЕВ БАКЫТка добушунузду бериңиз.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика