Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Октябрда мөмө-жемиш жана жашылчалардын баасы 8 пайызга жогорулады

Үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баалар жалпы республика боюнча 8,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул мезгил аралыгында жашылчалар — 8,5 пайызга, жемиштер — 7,9 пайызга кымбаттады.

«Муну менен баалардын эң көп кымбатташы бадыраңга — 2,2 эсеге, помидорго — 1,8 эсеге, капустага — 13,7 пайызга, картошкага — 9,0 пайызга, кулпунайга, малинага — 6,6 пайызга жана апельсинге — 5,7 пайызга белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика