Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Кемин районунун айылдык кеңешинин төрагалары жана айыл өкмөт башчылары «Алтынкен» ишканасына барып жеринде таанышышты

-Жакында Кемин районунун айылдык кеңешинин төрагалары жана айыл өкмөт башчылары «Алтынкен» ишканасына барып жеринде таанышышты.

Жергиликтүү делегациянын келишинин максаты — ишкананын иши канчалык натыйжалуу болуп, канча киреше алып жатышкандыгын жана ишканада эмгектенген жергиликтүү калктын курамынан турган кызматкерлердин абалын көрүү.

Себеби  “Алтынкен” ишканасы  “Кыргызалтын” менен Кытай тараптын ортосунда кандайча бөлүштүрүлүп жаткандыгын билүү эле.

Жергиликтүү делегацияны Талды-Булак сол жээк Левобережный тоо-металлургиялык комбинатына таанышуу иш сапарынын программасы жалпы ишкананын ишмердүүлүгүн чагылдырган видеотасма менен башталды.  Андан кийин  делегацияны коопсуздук боюнча брифингден өтүп, коргоочу жилет, баш кийимдерди  кийип, ишкананын башкы директору Чжан Хуа Хуейдин коштоосунда руданы казып алуунун бардык технологиялык процесстерин көрүп чыгышты.

“Алтынкен” ишканасынан чыкканда эле тешкентоо жолдору менен кенди касып жаткан жерге алып барышты. Алтынкендеги технологиялык процесстердин бардыгы автоматташтырылган жана жумушчулар иштегенге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Жердин алдында казылып алынган рудалар 16 тонна салмакка туруштук бере турган атайын лифттин жардамы менен көтөрүлүп, ишкананын керектүү болгон жерине жеткирилет. Автоматтык Башкаруу борборундагы экранда учурда руданын кайсы жерде казылып жаткандыгы, ал жакка канча адам тартылгандыгы көрсөтүлөт. Ошентип  бардык жумушчулар салыштырмалуу коопсуз жерде иштеп жаткандыгын көзөмөл кылууга өтө ыңгайлуу.

Андан кийин коноктор алтынды калыбына келтирүүчү фабриканын өзүн көрө алышты. Бул жерде дагы бардык процесстер автоматташтырылган жана диспетчердик пункттун башкы экранына онлайн режиминде жөнөтүлөт.

“Кийинки жылы, ошондой эле 1230 метр чегинен төмөн руда боюнча ири масштабдуу геологиялык чалгындоону баштоону пландап жатабыз. Биз бул ишке өзгөчө маани беребиз ”  деди “Алтынкен”  ЖЧКсынын башкы директору Чжан Хуа Хуей.

Андан соң жергиликтүү делегация диспетчердик кызмат учурунда 520 метр тереңдикте кен казылып жаткандыгын көрүштү. Өндүрүш процессинде жана анын бардык иш-аракеттеринде ЖЧК «Алтынкен» өзүнүн «Таза суулар жана жашыл тоолор, булар алтын жана күмүш тоолор» деген түшүнүгүн карманат жана биринчи кезекте адам өмүрү менен өнөр жай коопсуздугу турарын далилдеген заманбап технологиялар менен жабдылган ишкананы тааныштырышты.

Бул концепциянын натыйжалуулугу руданы казып алуунун автоматташтырылган тутумун жана бүт процессти түзүү аркылуу толугу менен ишке ашат. Өнөр жай таштандылары үчүн бул жерде 4 миллион 500 миң тоннага эсептелген эксплуатациялык чуңкур курулган, азыр аралашма 1 миллион 450 миң тоннага толтурулган. Өндүрүштө колдонулган бардык суу тазаланып, ошол жерде кайрадан колдонулат, башкача айтканда, суунун айлануусу бар.

Андан кийин жергиликтүү делегацияны суунун сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган борбор көрсөтүлдү. Бул жерде италиялык жабдыктар орнотулган, анда химиялык элементтердин болушуна суунун курамы көрсөтүлөт. Бул борбор жакында эле «Алтынкенге» орнотулган, бирок ал өз натыйжаларын берип жаткандыгын лаборатория кызматкери депутаттарга түшүндүрүп айтып берди.

Оор жумуштан кийин «Алтынкендин» кызматкерлери ишкананын спорттук аянтчаларында эс алышат. Эс алгандан кийин жумушчулар  адатта  жатаканадагы бөлмөлөрүн көздөй жөнөшөт.  Кеңири аймакта футбол, баскетбол, волейбол ойноочу аянтчалар бар. Жайында бассейн пайдаланууга берилип, жумушчулар каалаган учурда эс ала алышат.

«Алтынкенде» кызматкерлердин ортосунда жамааттык духту жана биримдикти чыңдоо максатында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер байма-бай өткөрүлүп турат. Жергиликтүү делегациядагы топторду шакектерге ыргытып, столдук теннистерди ойношту. Алар ишкананын жумушчулары үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттарга ыраазычылыктарын билдирди.

Андан соң жергиликтүү делегацияны жумушчулар тамактанган кафе көрсөтүлдү. Өндүрүштө жумуш оор болгондуктан  жумушчулар үчүн ар кандай тамакты тандоо  мүмкүнчүлүктөрү бар экендигине күбө болдук.

— Рудаларды казып алуу, дегеле бүтүндөй технологиялык процесс автоматташтырылган, бул дагы чоң артыкчылык. Башка ишканалар дагы иш процесстерин автоматташтырганына күбө болдук, бирок “Алтынкен” үлгү болуп саналат. Ишкана чындыгында өлкөнүн экологиясына кам көрөт, бул жакшы жаңылык.

— Белгилей кетчү нерсе, биз жалпысынан «Алтынкен» ЖЧКнын ишмердүүлүгүндө ийгиликтүү көз ирмемдерди байкадык, бизде Кыргызстандын жарандары бардык негизги кызматтарга катышкандыгы бизди өзгөчө кубандырды. Мындан тышкары, бул ишкана биздин жарандар үчүн окуу борборун ачты жана келечекте бул ишкананын кызматкерлери башка тоо-кен ишканаларында тажрыйба алмашса болот деген пикирде калдык.

Белгилей кетсек, «Алтынкен» ЖЧКсы келерки жылдын башында эле 50 миллион доллар таза киреше аларын болжоп, келечекте бул көрсөткүч өсө берери айтылууда.

“Алтынкен” ишканасы менен таанышууга барган жергиликтүү делегациялардын пикирин угууга сөзгө тарттык.

Көчөров Майрамбек Элдиярович,   Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин төрагасы: 

  • “Алтынкен” ишканасы жайгашкан жана пайдаланып жаткан жеринин 90%ы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан, бул ишканадан салык төлөмдөрү түшүп турат. Андан сырткары, жолдор оңдолгон. Бардык айылдарга таза суу түтүктөрү тартылып, бала бакчалар салынып жатат.Андан сырткары спорт комплекстери курулуп жатат.

Биздин айыл өкмөтүнүн курамында тогуз айыл бар. Айыл өкмөттөн  “Алтынкен” ишканасында 100дөн ашык ашык жарандарыбыз жумуш менен камыз болгон. Буюрса, дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жумуш ордун көбөйтсөк деген оюбуз бар.

Таалайбек кызы Уулкан, “Алтынкен” ишканасынын жооптуу кызматкери: 

  • “Алтынкен” ишканасында биринчи орунда жумушчулардын ден соолугу, тамактануусу жана башка адам баласына эң керектүү шарттар түзүлгөн. Мына барыңар көрүп тургандай жумушчулар иштен келгендей кийин эс алууга бардык шарттары түзүлгөн. Атайын спорттук комплекстер курулуп, жайкы, кышкы эс алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Андан сырткары  өзүңүздөр көрүп тургандай, “Алтынкен” ишканасынын башкы директору  Чжан Хуа Хуей мырза тазалыкты ар бир жума күнү ишембилик кылып, ишкананын айланасын барыбыз  тазалап турабыз. “Алтынкен” ишканасы жумушчуларына жакындан жардамдарды берип турат. Мындан сырткары, Кемин районунун аярлуу катмарына, тагдырдын оор сыноосуна кабылгандарга ,колунда жок  жетим-жесирлерге, балдар үйүнө, карылар үйүнө жардамдарды берип турат.

 Абдувалиев Кайратбек Замирбекович,  Кемин шаарынын мэри:  

  • “Алтынкен” ишканасына мен 3-4 жолу ар кандай чарбалык маселелер боюнча келген элем. Бүгүн ишкананын инфраструктурасын, иштөө процесстерин көрүп таң калдым. Заманбап технологиялар менен жабдылган, таптаза ишкананы көрүп ыраазы болбой коё албайсың. Андан сырткары, Кеминдин миңге жакын жарандарын жумуш орду менен камсыз кылып келишет.

Албетте  бул ошончо үй-бүлө багылып жатат дегенди билдирет. “Алтынкен” ишканасында эмгектенген жолдош балдарым дагы бар, бардыгы жакшы пикирде, маянасы, ар бир жумушчуга кам көргөнү. Дегеле айтаар элем, Кемин районунун элинин багына “Алтынкен” ишканасынын ачылып калганы жакшы болду.

Бакиров Улан Кундузбекович, Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы:

  • Жаңы-Алыш айыл өкмөтү негизинен дотациядабыз. “Алтынкен” ишканасы иштегенден бери Кемин районунда «Кемин келечеги» коомдук фонду аркылуу жыл сайын акчалай каражаты бөлүнүп турат.

Канчалык кыйынчылыкка карабастан ошол фонддон түшкөн каражатка айылдардын ички жолдорун оңдоого жана айыл чарбалык ар кандай иштерге каржылап турабыз. Андан сырткары, Жаңы-Алыш айыл өкмөтүндө 31 жараныбызды  “Алтынкен” ишканасы жумуш орду менен камыз кылган. Башка дагы адамдар алынып турат.

Карымшаков Саламат Дүйшөнбекович, Кичи-Кемин айылдык кеңештин төрагасы

  • “Алтынкен” ишканасы жыл сайын Кемин районуна караштуу 13 айыл өкмөтүнө жана эки шаардын бюджетине жардам катары  «Кемин келечеги» коомдук фонду аркылуу акчалай каражат бөлүнүп турат.

Андан сырткары, айылдын жарандары ишканада жумуш орду менен камсыз болгон. Бюджетке которулган акчалай каражаты ар бир айылдын инфраструктурасын оңдоого,  айылдар аралык жана  ички жолдорду оңдоого берилет. Айылдын жарандарына колунда жок, аз камыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардамдар берилип турат. Ал каражаттар айыл өкмөтү аркылуу берилет.

Урдолетова Жумагул Бурганаковна, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын Экономика жана өнөр жай секторунун башчысы:

  • Кемин районунда бир эле алтын өндүргөн ишкана “Алтынкен” ишканасы. Ошондуктан районго социалдык пакет, азык-түлүк сыяктуу жардамдарды социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу тизмесин алып, колунда жокторго азык-түлүктөн жардам берип келишет.

Райондо “Кемин келечеги” жана “Кемин өнүктүрүү фонду” бар, ошол фонддорго “Алтынкен” ишканасынан  акчалай каражаттар которулуп турат. Кемин районунун  өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши бар, алардын чечими менен биринчи айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүү, анан социалдык пакет.

 

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика