Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Кызылчачылар айдоо жерлерин кыскартып жатышат, эмнеге?

Ааламда
Назарбаевдин экинчи аялы жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапты. Бул иштер боюнча аты азырынча атала элек Кыргызстандан да бир белгисиз адам бар. «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жазгандай, бул келишимге Назарбаевдин токолунун жана Назарбаев аркылуу миллиардерлер сабын толуктаган Владимир Ким жана Владимир Ни бар. Ал эми Назарбаевке келсек  «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) Казакстан президентинин бейрасмий жубайы Асел Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканын аныктады.
Назарбаевдин токолу Асел Курманбаева жана «Улут лидери» жеке мамилелерин эч качан четке кагып же тастыктаган эмес. Анын Назарбаевдин «токолу» экени жөнүндө маалымат «Мисс Казакстан» сулуулар сынагын жеңип алгандан кийин тарай баштаган. Курманбаеванын эки баласы Нурсултан уулу деген фамилияга ээ. Иликтөөнүн авторлору Казакстанда фамилиянын ордуна атасынын атын жазуу кадыресе көрүнүш экенин белгилешкен.
OCCRP билдиргендей, Курманбаева — Казакстандагы мамлекеттик эки бий институтунун көркөм жетекчиси жана балет менен улуттук бий тармагындагы бир нече фирмалар менен фонддордун ээси.
Иликтөөчү журналисттердин тапкан маалыматына ылайык, 40 жаштагы Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү болгон. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн 30 миллион долларга сата алган. Жаңы документтер тууралуу Назарбаев да, Курманбаева да жана аты аталган олигархтардын жакындары да комментарий берген эмес.
Белгилей кетсек, Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жарыялаган жаңы документтер дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкерелеген.
Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун колуна офшордук кызмат көрсөткөн 14 фирмадан алынган 12 миллиондой документ тийген. Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалымат бар. Эске салсак, 2016-жылы «Панама кагаздары» долбоору да дүйнөдөгү ондогон аткаминердин офшордук компаниялар менен көмүскө кызматташтыгын ашкерелеген.
Ала-Тоодо
Ички дүң өндүрүмү боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономиканын 0,01% ээлеп, 189 өлкөнүн ичинен 143-орунда турат. Ички дүң өндүрүмү канчалык жогору болсо, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү да ошончолук жакшы болот. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн төмөндөшү, мамлекеттик бюджеттин кемиши менен элдин да жашоо деңгээли төмөндөгөнүн билдирет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ички дүң өндүрүмүнүн төмөндөшүнүн эң чоң пайызы, атап айтканда минус 3,8% Кыргызстанда байкалганын Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары жарыялашкан. ЕАЭБ мүчөлөрүнүн арасында ички дүң өндүрүмүнүн төмөндөшү — Казакстанда — 0,2%; Орусияда — 1,9%, Арменияда — 1,7%, Беларусияда — 3,3% болгон. 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 405 млрд. сом болгон. Коронавирус илдетинен карантин болгонуна карабай эң чоң салымды, дээрлик 47%, тейлөө тармагы кошкон. Бул соодада, мейманканаларда, ресторандарда иштегендер, автоунаа оңдоо, маалымат жана байланыш жана башка акы төлөнүүчү кызматтарда эмгек кылгандар. Экинчилерден болуп ички дүң өндүрүмүнө кошкон салымынын көлөмү боюнча, тактап айтканда 39% жакын, куруучулар, айыл чарба жана өнөр жай товарларын, электр энергия жана кайра иштетилүүчү материалдарды жана башка товарларды чыгарган өндүрүүчүлөр киргизген. Ички дүң өндүрүмүнүн калган 14% — бул ошол эле өндүрүлгөн товарларга чегерилген салыктар түзгөн.
Аймакта
Чүй аймагы совет маалында Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова сыяктуу кереметтүү кызылчачылары менен даңазаланып келген. Мурдагы жылы кызылчага болгон баанын түшүшү, былтыртан бери көптөгөн кызылчачылардын бул тармактан дыргаяктап качышына түрткү болду. Эгер Чүй облусу боюнча мурун жылы 4072 гектар жерге кызылча айдалган болсо, былтыртан бери 2300 гектар жерге гана кызылча эгилген. Кызылчачылар айдоо жерлерин кыскартып жатышат, анткени былтыр кант заводдору кызылча төккөндөрү үчүн бериле турган накталай акчанын баасын түшүрүп жиберишкен.
Кызыгы, быйылкы жылы күзүндө кызылча өстүргөндөрдүн кубанычына былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик кызылча алуунун баасы өсүп кетти. Эгер былтыркы жылы 50 сомдон алынса, быйылкы жылы да жакшы баа боло тургандай. Ысык-Ата району боюнча эки жерде кызылча алынат, бири Кант шаарында алынса, экинчиси Ивановка айылында. Кант кызылчасын алуу иштери үч жума мурун башталган, ал эми 7-ноябрга карата кабыл алуу мөөнөтү аяктайт. Ар күн сайын бул жакта Ысык-Ата району толугу менен жана Аламүдүн районун кээ бир дыйкан чарбалары 200-220 машина кызылчаларын төгүүдө. Быйылкы жылы кызылчачылар гектарына болжол менен 50 тонна кызылча алышкан, бирок гектарына 110-115 тонна алгандар да болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика