Воскресенье, 28 ноября, 2021
-5.9 C
Бишкек

Райондо ишембиликтер жүрүүдө

Өткөн ишемби күнү Чүй районунда “Тазалыкты сактайлы!” ураанынын астында жарыяланган бир айлыктын алкагында ишембилик өткөрүлдү.Бул иш-чарага райондун  мекеме-уюмдарынынын, айыл өкмөттөрдүн  эмгек жамааттары жигердүү катышышты.
Эмгек жамааттары ички жана тышкы трассанын, калктуу конуштарды, туристтик аймактарды, сейил бактарды таштандылардан, пластик баштыктардан жана башка калдыктардан тазалашты. Билим берүү жана медициналык   жайлардын эмгек жамааттары коомдук жайларда санитардык  тазалоо иштери  менен бирге иретке келтирүү  иштерине тартылышты. Ишембиликке чыккандар кол каптар жана атайын баштыктар менен камсыз Жалпысынан, ишембиликке миңдеген адамдар катышып, 100 тоннага жакын  таштанды чыгарылды
Белгилүү болгондой, “Тазалыкты сактайлы”  урааны астында бир айлыкты өткөрүү жөнүндө Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы №160-т тескемесинин негизинде ишембиликтер  ар ишемби күнү өткөрүлө бермекчи.

Б.Байдылдаева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика