Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Электрондук эсеп-фактураларды киргизгенден кийин КНС боюнча түшүүлөр көбөйдү

Электрондук эсеп-фактуралар киргизилгенден кийин КНС боюнча түшүүлөр акырындап көбөйө баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Алсак, 2021-жылдын 9 айында КНС боюнча түшүүлөр 29 млрд 425,6 млн сомду түздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилинен 9 млрд 868 млн сомго же 150,45% га көп.

Электрондук эсеп-фактураны киргизгенден кийин КНС боюнча кирешелердин көбөйүшү, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жана өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө карабастан, рыноктун көмүскө жактан кыскара баштаганын көрсөтүп турат, бул албетте, республикалык бюджетке кирешелердин өсүшүнө да оң таасирин берет.

2021-жылдын 1-октябрына карата система ишке киргенден бери 15 439 ишкер электрондук эсеп-фактураларды колдонуп келишкен, алар жалпы жүгүртүүдөгү 1 трлн 222 млрд 490 млн 261 327 сомго 8 489 698 электрондук эсеп-фактураларды тариздешкен.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык КНС төлөөчүлөр жана товарлардын импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген субъекттер ЭЭФны милдеттүү түрдө колдонууга өтүшкөн.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика