Четверг, 21 октября, 2021
9.1 C
Бишкек

Пандемия башталгандан бери коронавирустун 3 толкуну болду

Пандемия башталгандан бери коронавирустун 3 жолу эпидемиологиялык жогорулоосу болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын июль жана ноябрь айларында жана 2021-жылдын июль айында коронавирустун 3 толкуну болду.

“COVID-19 вирусу, башка вирустар сыяктуу эле, мутация жөндөмүнө ээ жана ал катталгандан бери бир нече мутацияланган түрлөрү катталган. Мисалы, британиялык, бразилиялык, орусиялык, түштүк африкалык, индиялык жана башкалар”, — дейт ал.

Акматова кошумчалагандай, пандемия башталгандан бери республикада коронавирус инфекциясынын 179 миң 188 учуру катталган, анын ичинен 123 миң 385 учур лабораториялык, 55 миң 803 коронавирустун клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлары.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика