Журтуна сыйлуу Жусупжан ата

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:22

Журтуна сыйлуу Жусупжан ата

2 Асыл адамдар

Көзүнүн курчтугу кеткени менен көздөрүнөн, жүзүнөн жылуу нур чачылган өтө эмгекчил жана кайраткер адам — Жусупжан ата 89  жашка келсе да байбичеси, уул-келини менен тоодо жашап, мал чарбасын өнүктүрүүгө дагы эле салымын кошууда.

            Мезгилдер тогошуп, кыргыз жергесине Совет бийлиги келгенден көпчүлүк сыяктуу эле замандын оош-кыйышына туш келишкен. Ата-энеси менен оор турмушту башынан кечирген. Атасы малдуу болгондуктан 1920-1930-жылдары куугунтуктоолор башталган. Өз жеринен качууга мажбур болушуп, казактар турган Кара-Коңузга жер оодарышкан. Казактын малын багып, кийин Чапаев атындагы колхозго кирген.Үй-бүлөсү, балдары дунгандын пияз-сабизин отоп, сугарып, түшүмүн жыйноого чейин иштеп келишкен. Анан Жусупжан алтыга келген кезде атасы өз жерине кетүүнү ойлоп Кара-Коңуздан түйүнчөктөрүн көтөрүнүп жөө Боролдойго жол тартышат. Андан ары Чүй дарыясындагы көпүрөдөн өтүшүп, көбүнчө орустар жашаган Кызыл-Октябрь айылына барып туруп калышат. Эптеген жашоо. Бир күнү Юго-Востокко (анда Быстровка ушинтип аталчу) базарга келишсе атасын тааныган Петро деген украин  жолугуп калат. Көрсө Петро мурда айылдашы Рыспектин тамын, сарайын курган уста экен, аларга боору ооруп эртеси араба жиберип өзү актив болуп иштеген Ак-Бекет колхозуна көчүртүп келет. Атасы экөө ошол колхоздун 250дөй коюн багып калат.

Атасы Зарлык 1940-жылы аскерге алынат. Согушка да катышат. Колуна ок тийип жарадар болуп, 1943-жылдын декабрь айында өз жерине кайтып келет. Ал учурда үй-бүлөсү Кызыл-Сууда алачыкта жашап турган. Кайра Ак-Бекетке кетүүнү ылайык көрүшөт. Анан кайрадан мал багышат. 1951-жылы айылына кайтып келишип, колхоздун коюн багып, элге аралашат. Чарба жетекчиси жалаң малчылык иште жүргөн Жусупжанды  сугатчы болосуң деп кыйнайт. Экөө уруша кетип ,сегиз жылга кесиле турган болгондо өтө калыс жетекчи, коңшу райондо партиянын райондук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген Сейит Омоевдин кийлигишүүсү менен толук акталып чыгат.

Ошол мезгилден атасы экөө колхоздун иригин багышат. Кийин сегиз жыл жылкычы болуп иштешет. Ошентип колхоздун мал чарбасынын өнүгүшүнө көп салым кошушат.

Быйыл 89 жашка келген Жусупжан аксакал ал мезгил жөнүндө мындайча эскерди:  “Эл абдан эмгекчил, өтө чыдамкай, кайраттуу, оордуктарга моюн сунбас эрктүү сапаттары менен баарын жеңе алган. Алыста, тоодо, кыштоолордо атам экөөбүз 1000 ирикти эки короого бөлө эч бир чыгашасыз баккан учурлар болду. Ал эми 1968-жылы алыскы Кенес-Анархай кыштоосуна кар өтө калың түшүп, малчылар абдан оор абалда калды. Бир чабандын короосунан экинчисине жол салууга каз тамандуу трактор түрткүчүнүн  күчү жетпей, улам катуу бороон жолдорду жаап салып, аскер танктары жардамга келген. Ошол учурда жолдордогу калың карды түртүп-тазалоого келген Сартыке Исаков эки күн трактору менен дайынсыз жоголуп баарыбыздын жүрөгүбүздү түшүргөн. Жаратылыштын оор кырсыгынан малда чыгаша көп эле болду. Колхоздун шоферлору Молдош, Токталы ошондой оор  кырдаалда эң жакшы иштери менен көрүнүшкөн. Колхоздо иштегендин баары – колхозубуз өнүксө, эл алдында жүзүбүз жарык болсо деген ойдо болушкан”.

Атасы – Зарлык Мүсүров 1905-жылы туулган. Совет бийлиги орногондон кийин куугунтукталып, үй-бүлөсү менен казак тарапка оогон, турмуштун нечен оордуктарынан өткөн. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. Мал багуунун сырларын терең билген өтө мээнеткеч адам болгон. Оор турмуштун запкысын көп көргөн апасы 1950-жылы 8-мартта каза болуп, сөөгү Жел-Аргынын оозуна коюлган. Бир туугандары Камчыбек, Борончу, Кадыр. Жубайы Турумбүбү Жакишова 1940-жылы 15-майда туулган. Кара-Булактын Чүй суусу тарабындагы Алтымыш айылынан. Айылдык мектептен окуп, 5-класстан кийин окуусун уланта алган эмес. Комуз чертүү, ырдоо жагынан жаш кезинен эле көрүнгөн, мал чарбасын өнүктүрүүгө көп салым кошкон.

Эмгекчил, кайратман ата-эне 11 уул-кызды тарбиялап-өстүрүштү. Кубат – 1950-жылкы, банкта айдоочу болуп иштейт; Рапия – 1953-жылкы, Гүлапия – 1961-жылкы, фабрикада иштеп келишкен; Чынапия – 1963-жылкы, бухгалтер; Сабырбек – 1965-жылкы, шофер жана фермер; Аманбек – 1967-жылкы, куруучу; Гүлнара – 1970-жылкы, камволдук-ийрүү фабрикасында иштеген; Индира – 1972-жылкы; Света – 1973-жылкы, сулуулук салонунда иштейт; Гүлзат – 1975-жылкы, Түркияда эмгектенет.

Жусупжан ата менен Турумбүбү апа 23 неберелүү, 23  чөбөрөлүү болушкан. Кадырлуу, эмгекчил ата-эне совхоз жеке дыйкан чарбаларына бөлүнгөндөн бери  фермерчилик иште каныккан уулу Улан менен Тарылган жайыт-кыштоосунун оозундагы кенен, таза күтүлгөн стандарттуу үйдө турушат. Мал сарайды жаңылап, кеңейтип куруп да алышкан. Алардын баардык аракети – мал чарбасын, айылды өнүктүрүү.

Курманбек РАМАТОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:22

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина