ЖОЛ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУГА АРАКЕТТЕР КӨРҮЛҮҮДӨ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 3, 2017 11:58

ЖОЛ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУГА АРАКЕТТЕР КӨРҮЛҮҮДӨ

ДТП-500x2803 июль, Бишкек. Чүй облусунун автожолдорунда 2017-жылдын 5 ай ичинде катталган жол унаа кырсыктары 2016-жылга салыштырмалуу 19,1%  пайызга азайган.

Тагыраак айтканда 2017-жылы 464 (2016-ж. 574) жол кырсыгы катталган, анын ичинен 90 (2016-ж. 107) адам каза болуп 15,8% пайызга азайган, ал эми жаракат алган адамдардын саны 647 (2016-ж. 807) адамга жетип 19,8% пайызга азайган. Чүй облусу боюнча жол унаа кырсыктары Жайыл райондорунда, каза болгондордун саны Кемин райондорунда көбөйгөндүгү байкалат.

Чүй облусунун патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан 2017-жылы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, азайтуу, алдын алуу жана болтурбоо максатында баардыгы болуп 45 жолу ар кандай аталыштагы рейддер өткөрүлүп, анын ичинен 23 рейддик иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн катышып, ал эми билим берүү мекемелеринде, мектептерде Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан  жолдо жүрүү эрежесин үйрөтүү боюнча окуучулар арасында 1968 ар кандай маектешүү,  лекциялары  өткөрүлгөн.

2017-жыл ичинде 78221 административдик протоколдор толтурулган, анын ичинен чектелген ылдамдыктан ашыра айдаган 19088 айдоочуларга, 297 айдоочуга унаанын терезелерин карангылатып башкаргандыгы жана 1007 айдоочуга унааны мас абалда башкаргандыгы үчүн административдик протоколдор толтурулган, 2806 унаа атайын айып төлөөчү жайга коюлган.

Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымынан 209-чакырымына чейинки жолдордо, жол кырсыктары 15 пайызга өскөндүгү байкалган, тагыраак айтканда 2017-жылы 24 (2016-ж. 21) жол кырсыгы катталган, анын ичинен 9 (2016-ж. 10) адам каза болуп 10 пайызга азайган, ал эми жаракат алган адамдардын саны 50 (2016-ж. 45) адамга жетип 12 пайызга көбөйгөн.  Алдын алуу жана болтурбоо максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 143-чакырымына кызматтык унаанын жана кызматкердин макети орнотулду.

Бир эле патрулдук милиция кызматкерлери эле эмес, жалпы айдоочулар тараптан дагы кайдыгер карабай жол эрежелери сакталса,  үрөйдү учурган, адам өмүрүн алган жол кырсыктары болбойт эле.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 3, 2017 11:58

Парламент

Элдик медицина