Жол куруудагы жемкорлук: Бюджетке кайтарылган акча аз

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:39

Жол куруудагы жемкорлук: Бюджетке кайтарылган акча аз

13 Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынында жол тармагындагы жемкорлук талкууланды.

Коррупция менен күрөшүүгө багытталган Координациялык кеңешменин жыйынына жаңы Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов төрагалык кылды. Ал билдирүүсүндө жемкорлук менен күрөштө бейөкмөт уюмдар жана журналисттердин күч органдары менен жакшы кызматташып жатканын баалады. Ошондой эле Коррупцияга каршы турууда Координациялык кеңешменин мааниси жогору экенине токтолду.

-Коррупцияны алдын алуу жана аны менен күрөшүүдө мыйзамда каралган бардык таасирдүү ыкмаларды колдонуп, элибиз күткөндөй иш алып барууга жалпылап киришип, тийиштүү иш чараларды күчөтүүбүз зарыл. Координациялык кеңешменин орду маанилүү жана коррупция менен күрөшүүдө биздин аракеттерибизди, бул багытта алып бара турган иштерибизди бириктирип кеңешүү жолу менен сапаттуу иш алып барууга өбөлгө түзөт деп ишенем.

Координациялык кеңешменин 8-июндагы жыйынына Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев дагы катышты. Сагынбаев жемкорлук менен күрөш бардык чөйрөдө жүрүп жатканын жана ал бир дагы мүнөт токтобошу керек экенин айтты. Мамлекетте жемкорлук бүт тармакка сиңип кеткенин, ал эми өлкөнүн казынасына миллиарддаган чыгымдар келтирилип жатканын белгилеп, учкай билдирүү жасады.

-Коррупция Кыргызстанда бардык тармактарда кенен жайылып кеткен. Анын жыйынтыгында колу таза эмес чиновниктер бюджеттен каражаттарды уурдап жатат. Келтирилген чыгымдар миллион, миллиарддаган сомдорго чыгууда. Азыркы учурда сот бийлиги, көзөмөл органы менен күч түзүмдөрү Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы, президенттин коррупция менен күрөшүү буйруктарын аткаруунун үстүндө иштеп жатат. Коррупцияга аралашкан чиновниктер кайсы кызматты аркалабасын же буга чейин аткарган иштерине карабай кармалып, камакка алынууда.

Коррупцияга каршы кеңешменин жыйынында автожолдорду куруудагы жемкорлук дагы талкууланды. Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Манас Акматалиевдин маалымдашынча 2017-жылы Транспорт жана жолдор министрлигинде 161 текшерүү жүргүзүлгөн. Бюджетке 8 млн сомдон ашык каражат кайтарылган.

20 кылмыш иши козголуп мамлекетке келтирилген жалпы сумма 115 млн сомдон ашкан. Акматалиев Транспорт министрлигиндеги гүлдөгөн коррупцияны бул тармакка тиешелүү каражаттардын убагында бөлүнбөй жатышы менен байланыштырды.

— Негизги көйгөйлүү маселе аталган тамакты толук кандуу жана өз убагында каржылоо, себеби бүгүнкү күндө керектелүүчү каражаттын 50-55 пайызы гана каржыланууда. Мындан улам бүгүнкү күндө коррупциялык көрүнүштөргө жол берилүүдө. Каржылоо өз убагында жүргүзүлбөгөндүктөн жергиликтүү жол чарба ишканалары тарабынан көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында, бекитилген иш мерчемден калып калбоонун камын ойлоп, жолду курууда жага оңдоо иштерине керектелүүчү материалдарды, товарларды болочок подрядчылардан карызга алып иш-аракеттерин көрүүдө. Жыйынтыгында кийин каржыланган учурда формалдуу тендер өткөрүлүп келет.

Башкы прокуратура ушул жылдын беш айында эле Транспорт министрлиги боюнча 13 кылмыш ишин козгогон. Ал эми бюджетке келтирилген чыгым 107 млн сомго чукулдаган. Анын болгону 670 миң сому гана кайра кайтарылган. Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко парламентарийлерге кайрылган жарандардын көбү дал ушул жол курулушуна нааразы экенин билдирди.

— Жол курулушу бул биздин жарандар ар дайым көтөргөн маселе. Бул тармакка коррупция боюнча көп дооматтар бар. Мен Бишкек жана Ош шаарларында жүрүп жаткан жол курулуштары көңүл сыртында калбашы керек деп эсептейм. Ооба, Транспорт министрлиги отчетторду берип жатат. Бирок Бишкекте чоң-чоң курулуш иштери жүргөнү менен ага нааразы болгон эл парламентке келип кайрылууда. Бул боюнча жумушчу топтор дагы түзүлгөн. Жол курууда анын сапатына эле эмес мыйзамдардын сакталышы, шаардык генералдык пландын сакталышы күмөн жаратат.

Жыйында Эсептөө палатасы Балыкчы-Тамчы-Корумду жана Бишкек-Манас аэропортунун жолунун курулушун текшерип чыгып, андагы мыйзам бузууларга юридикалык баа берүү үчүн документтерди Башкы прокуратурага жибергени белгилүү болду. Эсептөө палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов жолдордун жыртык-тешигин бүтөгөндөн көрө аздан болсо да жаңы жолдорду салууну сунуштады.

— «Ямочный ремонт» деген система бар. Мен бул системадан кетүүнү сунуш кылат элем. Бул эски система жана бир топ коррупциялык тобокелчиликтер бар. Аудит жүргүзүү маалында дагы «ямочный ремонттун» эсебин чыгарууда бир топ кыйынчылыктар жаралат. Ооба, чындыгында жолдорубуз эски, жасаш керек. Бирок жыртык-тешиктерди оңдогондон көрө жылына 1-2 км асфальт салсак дагы бир топ жолдор бүтмөк.

Жыйында Коррупция менен күрөшүүгө багытталган Координациялык кеңешменин жаңы эксперттик тобунун курамы бекитилди. Февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, чечим кабыл алынган. Анда коррупция менен күрөшүү боюнча күч органдарына тапшырмалар коюлуп, андан бери бир катар аткаминерлер коррупцияга айыпталып камалды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:39

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина