Жол эрежелерин бузган жөө адамдар жол кырсыгына кабылышууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:53

Жол эрежелерин бузган жөө адамдар жол кырсыгына кабылышууда

15 Жол эрежесин бузду десе эле биз айдоочуларды элестетебиз. Тилекке каршы, адамдар жолдо жүрүүнүн жөнөкөй эрежелерин сактабагандыктан кырсыкка кабылып жатканын тартип сакчылары белгилешет. Жөө жүргүнчүлөр жолду каалаган жеринен өтүшсө, айдоочулар кишилерге жол бербейт, ылдамдык эрежелерин сакташпайт. Анын кесепетинен жылдан жылга жол-транспорт кырсыктары көбөйүп бара жатат.

Биздин бүгүнкү маек Москва районундагы ички иштер бөлүмүнүн мамлекеттик автоинспекциясынын башчысы, милициянын майору Кубан Кулманбетов менен ушул тема туурасында болмокчу.

- Кубан Сагынбекович, жакын арада Беловодское айылындагы Ленин жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил машина жөө адамды коюп кетти. Дагы жакшы ал адам тирүү калды. Мындай учурларда ким күнөөлүү болуп эсептелет жана жөө адам жол кыймыл эрежесин буздубу. Анткени ошол аталган участокто жер астындагы өткөөл бар.

— Жөө адамдарды коюп кеткен учурлар акыркы убакта көп эле катталып жатат. 100 км/саат менен келе жаткан машинанын алдынан чуркап чыга калгандар өтүп кетүүгө үлгүрбөй калышат. Анткени алардын оюнда 10-20 метрди тигил машина келгенче чуркап өтүп кетем деп ойлойт, бирок жетишпей калат. Сиздин айткан мисалыңызда да ушундай эле жагдай болсо керек. Ленин менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдарга өтүүгө болбойт. Алар атайын салынган жер алдындагы өткөөл менен өтүш керек. Бүгүнкү күндө Бишкек-Ош борбордук трасса толугу менен салынып бүтө электигине байланыштуу жер алдында салынган өткөөл толугу менен эксплуатацияга бериле элек, бирок, колдонууга жарайт. Ошондой эле кошумчалай кетейин аталган участокто жол кыймылдары көп болгондуктан биз өз тарабыздан дислокацияга бир пост койгонбуз.

- А бирок көпчүлүк жөө жүргүнчүлөр жол эрежелерин одоно бузушуп, жолдун ортосуна коюлган бордюрлардан секиришип, тыюу салынган жерлерден жолду кесип өтүп жатышат. Эгерде жол кырсыгы жөө адамдын айынан болсо, айдоочунун жоопкерчилиги кандай?

— Сиз айткандай тыюу салынган жерлерлерден жолду кесип өтүп жатышкан жөө адамдар кооптуу жагдайды түзүп жатышат. Акырында жол кырсыгы болбой койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындай учурларда айдоочунун ал-ахыбалы, жол эрежелеринин бузулушу жана башка жагдайлар эсепке алынат. Мыйзам боюнча жоокерчиликтин үч формасы болот: жарандык, административдик жана жазык жоопкерчилиги. Эгерде денеге тийгизген залакат жеңил желпи деңгээлде болсо жана айдоочу жаракат алган адамдын дарылануусун төлөп берсе, анда жарандык жаза колдонулат. Ал эми жол кырсыгы оор жаракат менен коштолуп, жумушка чыгууга мүмкүн болбой калса, айдоочуга административдик жаза колдонулат жана кырсык адам өлүмү менен коштолсо анда жазык жоопкерчилигине тартылат. Бирок жөө адам жолдун кайсыл жеринен кесип өтпөсүн айдоочу жоопко тартылат.

- А эгер жөө адам жолду өтүүдө жол эрежесин бузуп, тиешелүү жерден өтпөсөчү, анда ким күнөөлүү болот?

— Эгерде айдоочу жолдон өтүүгө тыюу салынган жерден жөө жүргүнчүнү коюп кетсе баары бир жоопкерчилик тартат. Эң биринчиден административдик чара колдонулат. Андан тышкары материалдык жана моралдык чыгымды төлөө керек болот. Эгер жолду өтүп бара жаткан мас адамды коюп кетсе да жоопкерчиликти мойнуна алат.

- Айтыңызчы, жөө адам катышкан жол кырсыгы болгондо эмне кылыш керек?

— Биринчи эреже – жол кырсы болгон жерди таштап качып кетпеш керек. Эгерде жөө адам жаракат алса дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүү керек, “Тез жардам” унаасын чакырып, анын менен чогуу автоинспекция кызматкерлерин да чакыруу зарыл. Ошол жердеги күбөлөрдүн маалыматтарын алыш үчүн аты жөнүн тактап, кырсык болгон жерди сүрөткө тартып, жана башка далилдерди топтоо керек. Бул маалыматтар кийин соттун жүрүшүндө жардам бере алат.

- Биздин окурмандарыбызга кандай кеңеш бергиңиз келет?

— Былтыркы жылда Москва районунда пандемия учурунда жол кырсыктары аз катталган. Анткени тартип болгон, ал эми быйыл тилекке каршы, жол кырсыктары былтыркыга салыштырмалуу 40-50 пайызга өстү. Мунун эң негизги себеби – жол кыймыл эрежелеринин сакталбай жаткандыгында. ªзгөчө жол кырсыктарынан жаш балдар жаракат алып жатышканы аябай өкүндүрөт. Балдар жол кыймыл эрежелерин билишпейт, же жолдон машинанын алдынан чуркап чыга калып жатышат. Ошондуктан ата-энелер балдарыңыздарды көзмөлгө алсаңыздар, жана мектептерде үй-бүлөдө жолдо жүрүү эрежелерин жакшылап үйрөтүү керек. Жол кырсыгы болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, эгер ар бир киши өзүнөн баштаса, жол кырсыктарынын саны кескин азаймак.

Гүлмира Убакеева

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:53

Приемная кампания 2020

Элдик медицина