Жогорку сот экс-депутат Саляновага карата шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 22, 2018 23:54

Жогорку сот экс-депутат Саляновага карата шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды

10 Жогорку сот 22-майда экс-депутат Аида Салянованын ишин карады. Судья Саляновага карата шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттук отурумдун жыйынтыгында маалым болду.

Маалыматка ылайык, Жогорку сот экс-депутат Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, анда Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды. Сот отурумуна 50дөй адам келди.

8-майдагы отурумда прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова, соңунда Аида Салянова жарыш сөзүн сүйлөгөн. Салянова күнөөсүн толук четке кагып, иликтөөнүн материалдарында да анын айыбы далилденбегенин билдирген.

Эске салсак, Саляновага Ленин райондук соту 2017-жылдын 10-октябрында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде айып таккан. Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 22, 2018 23:54

Парламент

Элдик медицина