ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Боршайкомго берген документтеринин тизмесин бекитти

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 11:28

ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Боршайкомго берген документтеринин тизмесин бекитти

10 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар Боршайкомго берген документтеринин тизмеси жана формалары бекитилди.

Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн БШКга берилген партиялардын талапкерлеринин тизмесинин формасы, ошондой эле тизмедеги ар бир талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы бекитилди. Ошондой эле, саясий партиянын шайлоого катышуусу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечимдеринин формалары жана чечимдери; талапкердин башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтын формасы бекитилди.

Талапкерлер жөнүндө электрондук форматта берилген маалыматтар “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык алмашуу тутуму аркылуу текшериле тургандыгы аныкталды. Ошондой эле, партиялардын маалыматтарынын негизинде, “Талапкер” атайын маалыматтык ресурсунда жарандар үчүн партиялар жөнүндө, алар көрсөткөн талапкерлери жөнүндө, партиялардын шайлоо алдындагы программалары жана шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалыматтык материалдар түзүлөт.

Буга чейин, жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдануу учурунда, Боршайком http://talapker.shailoo.gov.kg/ убактылуу платформасын ачкан, анда жергиликтүү шайлоого катышкан партиялардын программалары, партиялардын фонддорунун жана талапкердин каражаттарынын кирешелери жана чыгымдары менен таанышууга болот. Жогорку Кеңештин депуттаттарын шайлоону өткөрүү мезгилине чейин аталган платформа аякталып, кененирээк жана ыңгайлуу форматта ишке киргизилет. Ал жерден парламенттик шайлоого катышкан ар бир партия жөнүндө жалпы маалыматты, байланыш маалыматтарын, аймактык бөлүмдөрү, башкаруу органдары, партия мүчөлөрүнүн саны, логотиптер, каттоо датасы, девиздери, шайлоого катышуу тарыхы ж.б. алса болот.

БШК шайлоого катышуунун негизги маселелери боюнча партиялар үчүн усулдук материалдардын жана ченемдик жыйнагын бекитти: талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо фонддорун жүргүзүү эрежелери, үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштары.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо дайындалгандан тартып биринчи декадасында шайлоого катышууну каалаган партиялар үчүн окуу семинарлары өткөрүлөт. Саясий партиялардан семинарлардын катышуучуларына бекитилген тизмедеги жана методикалык жыйнактагы документтердин үлгүлөрү USB-флеш дисктеринде таратылат.

Семинарлардын графиги кийин кошумча жарыяланат..

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 11:28

Приемная кампания 2020

Элдик медицина