Жети айдын ичинде “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 4,9 млрд. сомдон ашуун каражат чогултулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 22, 2018 17:05

Жети айдын ичинде “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 4,9 млрд. сомдон ашуун каражат чогултулду

12 Быйылкы жылдын жети айынын ичинде “Северэлектро” бөлүштүрүү тармактарына 3млрд. 554 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 90,5 млн. кВт.саатка көп. “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компаниянын жети айга болгон товардык продукциясы 4 млрд. 645 млн. сомду түзүп, анын 4 млрд. 992 млн. сому (107,5%) чогултулган, анын ичинен төлөм чогултуу “калк” категориясында –116,6 % аткарылган.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

* борбор калаабызда төлөм чогултуу 105,4%

* Чүй облусунда – 108,8 %

* Талас облусунда –115,2 %

Жети айдын жыйынтыгы боюнча жалпы жоготуулар 11,9% түздү.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 22, 2018 17:05

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина