Жеке демөөрчүлөр Жайыл ооруканасына кычкылтек станциясын орнотушту

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 4, 2020 08:07

Жеке демөөрчүлөр Жайыл ооруканасына кычкылтек станциясын орнотушту

4 Жакында Жайыл райондук аймактык ооруканасынын урология бөлүмүндө кычкылтек станциясы орнотулду.

Бир түйүн бир учурда орто эсеп менен эки бейтапты кычкылтек менен камсыз кылат. Жеке демөөрчүлөр тарабынан жалпы 10 түйүн орнотулган. Буга чейин союз учурунда ооруканадагы бөлүмдөрдүн көбүндө кычкылтек түйүндөрү жайгашкан. Бирок эмнегедир алардын бардыгы алынган. Азыр аларга болгон муктаждык кайрадан пайда болду.

«Биз жетекчиликке кайрылып, медициналык мекемеге кандай пайдалуу иш жасай алабыз дедик. Оорукана кычкылтек концентраторлор менен жабдылганына карабастан кычкылтек пункттары дагы керек болуп жатканын айтышты. Аларды орнотуу үчүн Бишкектен атайын адистер чакырылды. Бул кычкылтек станция бейтаптарга жакшы жардам берет деген үмүттөбүз», — деп билдиришти демилгечилер.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 4, 2020 08:07

Приемная кампания 2020

Элдик медицина