Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу кече болду

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 11:46

Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу кече болду

5 Майрамга бай май айында Ысык-Ата районунун Кант шаарында жайгашкан  Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына арналган салтанаттуу кече болуп өттү.  Окуу жайдын уюштуруучусу Эркин Тентишев сөз сүйлөп, чакырылган согуштун ардагерлерин куттуктады.

“Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу, кадырлуу согуштун ардагерлери,  салтанаттуу эскерүү кечесинин коноктору, окутуучулар жана студенттер!

9-Май Улуу Жеңиш күнү  эң маанилүү майрамдарыбыздын бири. Биз үчүн  бул ыйык майрам.  Анткени,  бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн. адамынан ажыраган.  Ажал отун кечип, биздин келечегибиз үчүн өз өмүрүн аябагандардын урматына бир мүнөттүк эскерүү бул дүйнөдөн өтүп кеткен баатырларыбызга таазим»-деди Э.Тентишев. Андан соң иш-чаранын катышуучулары туруп, бир мүнөттүк эскерүү болду.

Ооба, көптөгөн аталарыбыз согуш талаасында жүрүп, өз өмүрүн кыйып, өз мекенине кайтпай калган жарандар да аз эмес. Алардын элесин эскерип туруу ар бирибиздин милдетибиз.  Согуш апааты акындардын саптарында,  жазуучулардын чыгармаларында согуштун каргашалуу жүзүн элестүү чагылдырып беришкен. Алардын бири — залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасын окуу жайдын стоматология факультетинин студенттеринин аткаруусунда өттү.

Кандуу согушка ар бир мекенин, элин сүйгөн атуул аттанып, алардын көбү кайтпай калган. Алардын каттарындагы сөздөрдү окуп, алардын эрдигине, чечкиндүүлүгүнө баа бербей койбойсуң. Ч.Айтматовдун чыгармасындагы “Майсалбектин катын” окуу жайдын студенти мыкты аткарып, иш-чаранын катышуучулары көздөрүнө жаш алды.

Андан соң урпактар үчүн жанын аяшпай, согушта эрдик көрсөтүп келген бардык аталарыбызга түбөлүк даңк болсун деген тилек менен студенттер тынчтык бийин бийлешти.

Жыйынтыгында Саткынбай Тентишев атындагы  Азиялык медицина институттун ректору Сельпиев Тойчубек Тулекович согуш ардегерлерин куттуктап, баалуу белектерин тапшырышты.

Согуш ардегерлер ыраазычылыктарын билдирип, согуш убагындагы окуяларын студенттерге айтып берип, ошол апаат күндөрдү эскеришти.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 11:46

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина