Жеңиш аллеясында арча бактары отургузулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:49

Жеңиш аллеясында арча бактары отургузулду

4 Бүтүндөй өлкөбуз боюнча Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына алгылыктуу иш чаралар өткөрүлүп жатат.

Жайыл районунда бул багытта мамлекеттик администрация атайы буюрутма чыгарып, анын негизинде иш чаралар белгиленген.

Улуу кыргыз баатырынын ысмын алып жүргөн аймакта Кыргыз Республикасы боюнча эң көп сандагы согуш ардагерлери  жашайт. Улуу Ата Мекендик согуштун 15 катышуучусу карылыкка моюн бербей, дагы да болсо жаштар арасында тарбиялык иштерди жургузуп, коомдук иштерге жандуу катышып, жергебиздин сыймыгы болуп келүүдө.

Ар бир күнү, ар бир майрамда согуш ардагерлери Жайыл районунун тургундарынын көңүлүндө. Алар жалпы элдин, жаш муундун, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын камкордугунда.

12-мартта Жайыл районунун согуш ардагерлери Жеңиш аллеясында  Жеңиштин 75 жылдыгына карата  75 арча бактарын отургузууга катышышты.

Бул ардактуу иш чарага Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын, Кара-Балта шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, согуш жана эмгек ардагерлер кеңешинин төрагасы  А. Абдыкеев, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы С. Болотов, “Универсал” муниципалдык ишкананын кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Акылбек МУКТАР

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина