Жат көрүнүштөрдү сүрөт менен ашкерелеген Аспек агай

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:06

Жат көрүнүштөрдү сүрөт менен ашкерелеген Аспек агай

9 -Жергиликтүү басма сөз тармагында иштеген алгачкы кыргыз улутундагы сүрөтчү, “Чүй баяны”  гезитинин ардактуу аксакалы Аспек Бейшеев 80 жашта. Анын баскан жолу басма сөз менен тыгыз байланышта. Маалымат иретинде айтсак, агай 1966-жылдан баштап,  республикалык “Советтик Кыргызстан” гезитинин сүрөт бөлүмүнүн башчысы,  1991-жылдан тарта, ошол кезде жаңы уюшулган “Чүй баяны” гезитинде башкы сүрөтчүлүк кызматты аркалады. 40 жылга жакын мезгил аралыгында 2000ден ашык графикалык чыгармаларды жарата алды. Тактап айтканда, коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырган карикатуралар, портреттер, саясий плакаттар Аспек Жанузаковичтин чыгармачылыгына таандык. Атактуу кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин “Кайран Эл” кинотасмасындагы

1937-жылдары каза тапкан мамлекеттик ишмерлердин портреттери да Бейшеевдин калеминен жаралган. Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн мааракеде “Манас эпосуна 1000 жыл” эстелик медалы менен сыйланган. Айтмакчы, Аспек агай атактуу акын Алыкул Осмоновдун өмүр жолун чагылдырган 30дан ашык графикалык сүрөттөрдү тартып, аларды акындын айылдагы жана борбор калаадагы үй музейлерине тапшырган. Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Сиңирген эмгегин өзгөчө баалоо” эстелик медалы менен сыйланган. Арийне, Аспек Бейшеев элге ак эмгеги менен таанылды. Анын коомго кошкон зор салымы өкмөт тарабынан да жогору бааланды.  Кыргыз ССР Жогорку Советинин прездиуму тарабынан  эки жолу громата менен сыйланды. Муну менен катар, агайдын ысымы 1985-жылдары Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун “Эмгек даңкы” китебине жазылган. Ал эми 1993-жылы Бейшеевге “ Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам берилген. “Чүй баяны” гезитинин ардактуу аксакалы Аспек Бейшеев аталган редакциянын түптөлүшүнө, гезиттеги маалыматтарды жасалгалоого, Кең Сары-Өзөн аймагындагы маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө кошкон салымы зор. Бүгүнкү күндө 80 жаштын тамагын ичип, ардактуу эс алууда жүрсө дагы “Манас” атабыздын элестүү сүрөттөрүн  кагазга түшүрүү менен алек. Андыктан, биздин чыгармачыл жамаат Аспек агайга ден-соолук, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

 

Алтынбек Камчыбек

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина