Жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 19, 2019 12:39

Жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

5 Быйылкы жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы » деп жарыялангандыктан Президенттин жарлыгы жарыялангандыктан аны ишке ашыруунун алкагында өлкөбүздүн аймагындагы шаарлар менен калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактардын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында 2019-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча өкмөттүн токтому менен үч айлык жарыяланган.

Өкмөттүн токтому иш жүзүнө ашыруу максатында  өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Т. Абдраимовдун буюрмасына ылайык атайы жыйналыш болуп өтүп андажогорудагы маселелер тыкыр талданып, жол жээгиндеги электр шамдарынан тартып, ар бир айылдын жана жаңы конуштардагы көчөлөрдү оңдоо тазалоо, жашылдандыруу иштери боюнчаүч айлык деп жарыяланып, Чүй өрөөнүндөгү ар бир шаарда, айылдарда такай ишембилик өткөрүлүүдө.

Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, арыктарды, жол жээгин тазалоо жана оңдоп-түзөө иштери жапырт башталып, ар бир аймайтагы болуп жаткан иш-чаралардын баары коомго ачык жарыяланып, жашаган жерибизди көрктөндүрүүгө жапырт киришүү менен бир гана жашообузду эмес, жан дүйнөбүздү тазалап, айлана-чөйрөгө болгон  аяр мамилебизди мындан да жакшыртабыз деген чоң үмүттөбүз.

Билим Уланбекова

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 19, 2019 12:39

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина