Жаштарды ар кесипке окутуу күчөтүлгөн

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 21, 2017 12:16

Жаштарды ар  кесипке окутуу  күчөтүлгөн

  IMG-20170419-WA000321 апрель, Бишкек.  “Окуу, окуу жана окуу”  дегендей, окууга өтүү   чакан шаарлардагы же айыл жериндеги  жаштар үчүн окуу жайлары аздык кылары белгилүү. Мектепти аяктаган жаштар  жогорку окууга өтүүгө умтулушуп борборду карай жол тартышканы  кетишет. Ал эми кээ бирлери акчанын тартыштыгынан ошол жашаган жерди айланчыктап  кала беришет. Жаштардын  кээ бирлери шартка байланыштуу билимин улантууга  же кай бир  улан-кыздар мектепти толук бүтпөй калгандары да жок эмес. Айыл жериндеги жаштарга арналган бул ИСИТО окуу жайынын ачылышы дагы  элетте калган жаштар үчүн өзүнчө келген кубаныч жана бакыт болсо керек. Ошондой эле көпчүлүк жаштар 9-классты бүтүшүп, ушул окуу жайына өтүп окуп жатышат. Ал эми турмушка аттанган жаш үй-бүлөлөр үчүн дагы жакшы шарт экени  айтылат.

Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту  (ИСИТО) окуу  жайы  2003-жылы Токмок шаарындагы №3 мектепте бир классы ачылган. Кийин бара-бара балдардын саны көбөйүп бараткандыктан  атайын жаӊы имарат курулуп берилген. Окуу жайды  Бишкектеги ИСИТО окуу жайынын ректору, профессор Кубаев Борис Хамитович ачкан. Окуу жайда  Укук таануу, медициналык бөлүмү, башталгыч класстарды окутуу, Экономика жана  бухгалтердик учет, дарылоо иши, медициналык айым иши, фармация  бөлүмдөрү ачылган. Шаардын гана эмес  жакынкы Чүй районундагы айылдардан, Кемин жергесинин  тоо этегинде жайгашкан аймактарда  жашаган жаштар келишип билим алууга умтулуп жатышат. Окуу контракттык негизде болгондуктан  ар бир бала аракеттенүү менен окуп алууну эӊсеп келишкени билинет. Бүгүнкү күндө окуу жайдын директору  Нуриля  Алекова  жаштыгына карабастан окуу жайдын мугалимдерине жакшы жана ыӊгайлуу шарттарды  түзүп берүү менен иштеп келет. Анын айтуусунда окууга арналган  керектүү шаймандар  коюлган. Окуу жайда 250  студент окушат. Практика  ар бир  кесипке жараша өткөрүлүп турат. Лабораториялык  сабактарды өтүүгө керектүү  баардык  буюмдар коюлган. Медициналык бөлүмүндө окушкан студенттер үчүн атайын биологиялык  керектүү шаймандар  да жаӊыланып алынган.  Ал эми  окуу  жайдагы иштеген  мугалимдер  жогорку билимдүү, ар кесиптин тажрыйбалуу  дасыккан мугалимдери экени байкалып турду.

Нуриля Алекова, окуу жайдын директору

— Биздин токмоктуктар менен  Чүй, Кеминдин элин ушул окуу жайдын ачылышы абдан кубандырат. Бизге жардам берип имарат дагы салып берген Кубаев Борисге тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Анткени биздин жаштардын кээ бирлеринде  Бишкекке же башка жакка барып билим алышына шарт жок  болсо, мына ушул окуу жайга келишип  документтерин тапшырып окуп бүтүп жатышат. Алар   татыктуу  билим алып, аяктаган соӊ диплом алышат. Өзүнө  керектүү жана өзү  барктаган  кесиптин ээси болушуп, элибизге кызмат кылып жатышканы ата-энелерди  кубандырат.

Акыркы жылдары  жаштарга ылайыкталган окуу жайлардын ачылышы келечек  муундар үчүн көрүлгөн жакшы камылга десек болот. Айыл жаштары бош убакыттарын  жалаӊ окуу менен өткөрүп, андан соӊ каалашса жогорку окуу жайларына улантууга да барышат. Андыктан токмоктук жаштардын келечеги дагы алдыда экендиги  ийгиликтин өбөлгөсү десек жаӊылышпайбыз.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 21, 2017 12:16

Парламент

Элдик медицина