Жашоо сабагы –жаштардын турмушунда

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2019 17:53

Жашоо  сабагы –жаштардын  турмушунда

Screenshot_2019-05-06-17-17-38[2] Жашоо  сабагы  ар  бир  адамга  эң  керектүү  билим.  Ар  бир  адам  бул  жашоодо  өзүн  ордун  билип,  өзүн  таанып  жашаганы  оң.  Жашоо  адамга   бир  гана  жолу  келет,  ошондуктан  жашоонун  негизин,  ыргагын  билип  жашаганга  аракет  кылыш  керек.  Илгерки  кыргыздар  ушунча  тууралыкта  жашаган  адамдар  экен.  Алар  эмне  үчүн  ою  таза,  көкүрөгү  тунук  адамдар  болгон?  Канткенде  биз илгерки  ата-бабаларыбыздай  тууралыкта  жашай  алабыз? Ал  үчүн  биз  кыргыздын  баалуулугун  билишибиз  керек.Баалуулук  жөнүндө  сөздү  баштаарда, эң  биринчиден,  биз  кыргызды  кыргыз  кылып  келген  кыргыздын  өзөгүн  тактап,  белгилеп  алалы.  Кыргыздын  өзөгү  же  улутту  улут  кылып  турган  негиздери бул  кыргыз  тили,  кыргыздын  маданияты,  кыргыздын  салты  жана  кыргыздын  санжырасы.  Көп  адамдар  ушул  айтылган  негиздерди  баалуулук  деп  эсептешет.  Улуттун  негиздери  менен  жашоонун  негиздеринин  айырмасы  бар.  Улуттун  негиздерин  айтсак:  тил,  маданият,  салт,  тарых деп,ал эмижашоонун  негиздери бул  баалуулук деп айтсак болот.

Баалуулук – бул  адамдын  жан  дүйнөсүнө  жакын,  көңүлүнө  төп  келген,  акылы  менен  такталган,  коом  сыйлаган,  эл  коргогон,  колдогон  негиздер.  Адам  жашоосунда  эмнени  негиз  тутса,  ошол  баалуулук.  Бирөө,  мен  кыргызмын  деп  сөздүн  кадырына  жетип,  элин — жерин  сүйүп,  патриот  болуп,  жаратылышты  коргоп,  ата-бабасынын  акыл-насааттарын  эске  алып  жашайт.  Экинчи  адам  болсо  элге  кызмат  кылайын,  мен  үчүн  ошол  негиздүү  иш  деп  жашайт.  Үчүнчү  адам  үчүн  мансап  жана  дүнүйө  топтоо  негиз  деп  эсептелет.  Жаштайынан  эле  «кантип  байысам»  деген  ой  менен  жашайт.Демек,  биздин  жүрөгүбүзгө  кайсы  нерсе  жакын  болуп,  ошол  мага  эң  негиздүү  деп,  ошого  умтулуп  жашасак,  ошол  биздин  баалуулук  болуп  эсептелет.Кайсы  нерсени  баа  тутуп,  эмнеге  умтулуп  жашасаң,  ошол  сенин  баалуулугуң.   Азыр  биз  ар  бирибиз  кайсы  нерсени  негиз  тутуп  жатабыз?  Кийинки  жылдары  адамдардын  көбү  эле  байлык  жана  мансап  деп  жашап  калышты.  Мурдагы  кыргыздар  чиримдик  байлыктан  жогору мамилени,  көңүлдү,  абийирди,  сый-урматты,  пейилди,  элге  жерге  кызмат  кылууну  коюшкан.  Байлык,  бийлик  убактылуу  нерсе,  колдун  кири  деп  эсептешкен. Демек,  азыр  баалулук  өзгөрдү.  Кыргыз  эли  кайсы  баалуулуктун  негизинде  жашап  келген?

Элибиз  нечен  жылдар,  кылымдар  бою  туура  жашоону  баа  тутуп,  ошол  баалуулук   менен  биримдикте  жашап  келишкен.  Тууралыкта  жашоо  жана тууралык  деген  эмне?Тууралык — бул  Кудайдын  мыйзамын  таанып,  жалгыз  Кудайга  сыйынып,  жаратылыштагы  шайкештикти  бузбай,  жашоонун  таразасын  тең  кармап,  акыйкатты  таанып  жашоо.  Мисалы,  тууралыкта  турган  үй-бүлө  мүчөлөрү  биримдиктүү  болуп,  өз  ордуларын  туура  билип,  ар  кимиси  өз  милдеттерин  туура  аткарганы  оң.  Үй-бүлөдө  атанын  орду,  атанын  милдети,  эненин  орду,  эненин  милдети  деген  түшүнүк  бар.  Ар  бир  адам  өзүнүн  ордун  билип,  милдетин  так  аткарышы  керек.  Мисалы,  кыргыздардын  түшүнүгүндө,  эне  төккөн  мээримди  ата  төгө  албайт,  ата  айткан  акылды  эне  айталбайт  деген  сөз  бар.  Аны  кандай  түшүнсөк  болот?  Эне  балага  ак  сүтүн  эмизип,  бапестеп,  жүрөгү  эзилип,  мээримин  төгө  алат,  аны  ата  жасай  албайт.  Бирок  ата  айткан  акылды  эне  атадай  кылып  айталбайт,  эне  башкача  айтат  экен.  Баланын  көңүлүн  оорутпай,  акырын,  майдалап    жатып,  атадай  так,  таамай,  кээде  катуу,  айталбайт  экен.  Ошондуктан,  кыргызда  сөз  калган  экен: «Атанын  сөзү  ок,  эненин  сөзү….». Бул  түшүнбөгөн  адам  үчүн  күлкүлүү  угулат,  түшүнгөн  адам  үчүн  өтө  так  айтылган  сөз.  Атанын  тарбиясын алган  бала  жана  атанын  тарбиясын  албай  калган  бала  болот.  Ал  турмушта  таасирин  бербей  койбойт. Жашоодо  бала  эки  тараптан  тең  тарбия  алып  жашаганы  жакшы.  Азыркы  турмушту  алсак,  жаштардын  арасында  ажырашуулар  көп  болуп,  көп  учурда  кичинекей  балдар  өксүп,  кусалыкта  жашап,  тең  тарбия  албай  калууда.  Кичине  баланы  ким  түшүнөт,  ким  айайт?  Анын  келечегин  ким  ойлойт?  Ошондуктан  жаштар  үйлөнөрдө  жакшы  ойлонуп  туруп  турмуш  куруш  керек,  анан  чыдамдуу,  акыл-эстүү  болушуңар  керек.  Ар  бир  адам  өзүнүн  ордун  билип,  өзүнүн  милдетин  аткарышы  керек.                                                                                             Мына  ушунун  баары  негизги  баалуулуктардын  бири тууралык.  Ушунун  баары  жаратылыш  менен  шайкештикте  болуу,  коомдогу  мамилелер,  үй-бүлөдөгү  мамилелер,  бирөөнүн  оокатына  көз  артпа,  уурдаба,  алдаба,  деген  жазылбаган  мыйзамдар  бүгүнкү  күнгө  чейин  муундан – муунга,  атадан – балага  өтүп,  урпактарга  берилип  келе  жаткан.  Мына  ушунун  баары  биздин  салтыбыз,  адатыбыз,  дүйнөтаанымыбыз.  Мына  ушундай  баалуулуктарды  кыргыз  туу  тутуп,  жашоосун  өркүндөтүп  келген.                                                                                                                                             Элибиздин  өлбөс-өчпөс  улуттук  баалуулуктары  жөнүндө  азыркы  учурдун  белгилүү  педагогу,  акылман-билги  Советбек  Байгазиев  «Манастын  адеп-ахлак  кодекси»  деген  китебинде  абдан  таасирдүү  салыштырманы  жазыптыр.  «Нан  деген  эски  нерсе,  байыркы  нерсе,  бирок  адамзат  баласы  үчүн  нан  ар  дайым  жаңы,  күн  сайын   дасторконунда  турган  ырыскы,  өлбөс,  түбөлүктүү  мүлк. Руханият  тармагында  да,  нан  сыяктуу  дайыма  жаңы  эскирбеген,  оңбогон,  түбөлүктүү  кенчтер  болот…  «Манастагы»  идеялык – рухий,  адеп — ахлак  кенчтери  чынында  эле  күнүмдүккө  эмес,  түбөлүккө  багышталган,  кечээ  да,  бүгүн да,  эртең  да  эскирбеген,  карыбас,  өлбөс-өчпөс  улуттук  баалуулуктары».

Карагылачы,  адамга  нан  кандай  күнүгө  керектүү  оокат,  ырыскы  болсо,  кыргыздын  баалуулуктары  да  адамдын  жашоосунда  эң  керектүү  негиздер  экен.  Бир  эле  кыргыздарда  эмес,  ар  бир  элдин  баалуулуктары  болот.  Баалуулуктарын  кармап  жана  өзөгүн  туткан  элдер  улут  катары  сакталып келе  жатышат.  Өзөгүн  жоготуп  койгон  элдер  улут  катары  жок  болуп,  жылдан  жылга  азайып  барууда.  Улуттун  өзөгүн  дагы  бир  жолу  кайталай  кетейин, бул  тил,  маданият,  салт,  тарых. Салт – бул  жашоо  мыйзамы. Россиянын  академиги,  педагогика  илиминин  аалымы,. педагогика  илиминин  доктору,  профессор,  этнографияны   изилдеген  адам Геннадий  Никондорович Волков  мындай  деп  жазган  экен: «Эс-тутумсуз  тарых  болбойт,  тарыхсыз  салт  болбойт,салтсыз  маданият  болбойт,  маданиятсыз  тарбия  болбойт,  тарбиясыз  инсан  болбойт,  инсансыз  улут  болбойт».  Байкагылачы,  кандай  таамай  айтылган  сөз.  Ар  бир  негиз  бири-бири  менен  тыкан  байлашышкан.  Ортосунда  бири  же  экөө  жок  болсо,  бүтүндүк  бузулгандай  же  чынжыр  үзгөндөй  болот.  Мына   өзүбүздүн  турмушубуздагы  мисалды  алалы.  Биз  70  жыл  тарыхыбызды  жокко  чыгарып,  салтыбызды  «эскичилик»  деп  колдонбой  келдик.  Жыйынтыгы  эмне  болду?  Өзүбүздүн  тамырыбызды  тааныбай  калдык.  Кээ  бирөөлөр  тамырын  такыр  эле  жоготуп  койду.  Азырдагы  динчилдер  салтыбызды  ширик  деп,  жаштарыбызды  адаштырып  жатышат.Жаштар  жакшы  ойлонгула.  Ар  бир  элдин  өзүнүн  салты,  өзүнүн  тили,  өзүнүн  маданияты,  өзүнүн  тарыхы  болот.  Башка  бирөөнү  туурап,  окшошойун  деп  туурасаңда,  жабышсаңда,  чапталсаңда,  аларга  сиңип  кете   албайсың.  Кыйыштырылган  бутактай  эле   жасалма  болуп  каласың.  Себеби  ар  бирибиздин  тамырларыбызда  кыргыздын  каны  жүрүп  турат.  Ал  каныбызда  кыргызга  таандык  баалуулуктар  сиңген.                                                                                                                        Азыркы  заманбап  жашоодо  илим  алуу,  кесипке  ээ  болуу,  көп  тилди  билүү  абдан  керек,  бирок  илгерки  аталарыбыздай  оюбузду  тазалап,  жан дүйнөбүздү  көрккө  толтуруп,  жүрөгүбүзгө  мээрим,  сүйүү  толтуруп  жашаганды  үйрөнөлү.  Бул  үчүн  ар  бирибизге  жашоо  билими  абдан  керек. Азыркы  учурда  жашоо  билими  жөнүндө  биздин  окуучулар  өздөштүрүп,  семинар  өткөрүп,  башкаларга  түшүндүргөнгө  аракет  кылууда.Эми  окуучулар  жана  мектеп  жөнүндө  бир  аз  сөз  айта  кетейин.      Чүй облустук мектеп-гимназия Аламүдүн районунун  Таш- Дөбө айлында жайгашкан. Бул гимназияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тандалган зээндүү жана таланттуу балдар окуйт. Мектеп-гимназия — интернат тибинде, балдар жатып окушат. Окуу процесси кыргыз тилиндеболгондуктансабактар кыргыз тилинде берилет. Сабактан тышкары көптөгөн ийримдер иштейт. Окуучулардын билим деңгээлин, ошондой эле тартибин жанатарбия-таалимин жогорулатуу максатында абдан көп иш-чаралар өткөрүлөт. Мен өзүм салттуубилимге кызыгып, 2012-2017жылдары «Бакдөөлөт» коому өткөргөн «Жашоо сабагы» аттуу окууга катышып, абдан көп маалымат алдым.  Бул сабакта адам  өзүн-өзү тааныганга жана жашоосун өзгөртөйүн деген адамга кенен маалымат берилет экен. Өзүм билген билимдижакындарыма,окуучуларга, мугалимдергекеңеш катары айтып жүрүп, акырында китеп аркылуу көбүрөөк адамдар окуп,билишетго деген ойго келип, китеп жазууну чечтим. Азыркы учурда мен жазган «Жашоонун ажары сүйүүдө» деген китепти биздин эле мугалимдер эмес, башкамектептинмугалимдери да  кызыгып окуп,класстык сааттарга адеп  сабагына   материал катары колдонуп жатышат.                                                 Балдарды туурабагытта тарбиялаш үчүн өзгөчө кыргыздын каада-салтына, баалуулугуна көңүл бөлүп, кыргыздын нукура салттуу билимин өздөштүрүү сөзсүз керекдеп ойлоймун. Салтуу билим-бул кыргыздын канына сиңген, миң жылдык жашоо тажрыйбасынан улам пайда болгон тарыхый эс тутум. Кыргыз эли алдыга жылыш үчүн өзүнүн тамырын таанып, баалуулуктарын сактап, тууралыкта болуп, табият менен шайкештикте жашашы керек.Муну ар бир адам билиши керек. Ошондо гана  биз өзүбүздү өзүбүзтааныганга жол ачылып, тууралыкта жашаганды үйрөнөбүз.Демек, «Жашоо билими» ар бир адамга  абдан керек билим.

 

Б.С. Жусупова, мектеп-гимназиянын  директору                             

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2019 17:53

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина