Жаш жеңил атлетчилердин ийгилиги
Кара-Балта шаарынын «Манас» спорт комплексинин жеңил атлетика боюнча спортчулары 24-25-январда Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандын чемпионатына катышты. Мелдеш 2002-жылдары жана андан кийинки жылдары төрөлгөндөр арасында өттү. Мелдеште машыктыруучулар А.Абрамова, Е.Погребняк жана О.Клименконун окуучулары жалпысынан 19 медалды жеңип алышты.