ЖАШ МАНАС ТААНУУЧУЛАР “МАНАС ОРДОДО”

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:04

ЖАШ МАНАС ТААНУУЧУЛАР “МАНАС ОРДОДО”

6 Алдыңкы педагог менен маек

 Июль айынын ортосунда КТРКнын “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын 2019-жылдагы жеңүүчүлөрү – Кыргызстандын ар мектептеринен өзүн көрсөткөн окуучулар Таластагы касиеттүү “Манас ордодо” жана дүйнөлүк атакка ээ улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерде болушту.

Бул эстен кеткис сапардын катышуучусу – Аламүдүн районундагы О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин директору, алдыңкы педагог, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги Гүлнара Мазаралиевна МАМБЕТИМАНОВА менен маектешкен элек. Төмөндө ошого көңүлүңүздөрдү бурабыз.

- Таласта эки күн болгон экенсиздер. Ал жактан окуучулар, өзүңүздөр кандай таасирлерди алдыңыздар?

— “Миң уккандан бир көргөн” дегендей, бул сапар окуучуларга да, алар менен болгон мугалимдер менен “Манас таануу” телетаймашын уюштуруучулар үчүн да өтө кызыктуу болду. Көп нерселерди көрүүгө, өзгөчө касиет-талантка ээ жаңы адамдар менен таанышууга жана пикир алышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Кыргыз элинин тарыхын, бай рухий байлыгын биз “Манас ордо” комплексинен даана туйдук. Андагы музей ушунчалык терең, мазмундуу түзүлгөндүктөн, баарыбыз чоң таасирлерди алдык. Жаш Манас таануучулардын жүздөрү жайнап, “Манас” эпосу боюнча телетаймаштарда көрсөткөн билим-өнөрлөрүн бул жерден бекемдеп жаткандай, окугандары эсерине кайтадан түшкөндөй өзгөчө абалда болушту. “Манас ордонун” бай кенчи менен тааныштырууда “Манас таануу” телетаймашынын алып баруучусу, таланттуу манасчы Азиз Биймырзаев өзүнүн зор касиетин, көптү билерлигин көрсөтүп, нечен жаңы маалыматтарды берди. Жеткиликтүү, жөнөкөй, эсте калгыдай элестүү сүйлөй билгендиги да ар кимге жакшы таасир калтырды.

Биз үчүн “Манас ордо” – бул даңазалуу бабабыз Айкөл Манас өз заманында кыргыз элинин башын кошуп, биринчи мамлекетибизди түптөгөндүгүн, эзелки тарыхыбыздын таржымалын кемитип-бөксөртпөй биздин күнгө жеткиргендигин, 1995-жылы оозеки өнөрүбүздүн алтын казынасы болгон залкар “Манас” дастанынын 1000 жылдыгы дүйнөнүн төрт тарабынан келген мейман-өкүлдөрдүн катышуусунда өткөрүлгөндүгүн өтө ачык, элестүү, терең түшүнүктүү көрсөткөн ченемсиз маданий-рухий байлык экенине, баарын өз көзүбүз менен көрүп, дагы бир ирет ынандык.

- Мындай учурлар эч эстен кетпейт эмеспи.

— “Манас ордодон” кийин чогуу “Каныкей апанын булагы” деген ыйык жерге жол тарттык. Анын кире беришинен эле аккордеондун коштоосунда шаңдуу ырдашып, жылуу тосуп алгандарга таң калып атсам, алар ушул жылы Талас облусу боюнча жеңүүчү болгон үч мектептин мугалимдери жана окуучулары экенин мен гана билбейт экенмин. Жолугушууда окуучулар бир тууганын көргөндөй кучакташа көрүшкөндөрүн, кызуу пикирлешкенин көрүп, окуучулар беш күн КТРКдеги таймаш мезгилинде атаандаш гана болбостон, бири-бири менен болгон достук мамилеси да чыңалганына ынандым. “Каныкей апанын булагы” достуктун, чын пейилден азилдешүүнүн, сый көрсөтүүнүн, жакшы ниеттердин унутулбай көңүлдө калчу учурларынан болуп калды.

- “Манас таануу” телетаймашы бириктирген командалар, жеңүүчүлөр жөнүндө кыскача баяндай кетсеңиз?

— Окуучулардын бул интеллектуалдык таймашы тогуз жылдан бери өтүп келе жатат. Биз КТРКнын “Баластан” көрсөтүүсүнө абдан ыраазыбыз. Телетаймашка катышкан командалар гана эмес, республикадагы бардык мектептердин жалпы окуучулары үчүн көп пайдасы тийүүдө. Адеп райондук, облустук, анан республикалык деңгээлде өтүп, улам кызыгуу артууда.

Ал эми 2019-жылдагы республикалык турдун жеңүүчүлөрү – Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынан өзүн эң мыкты жактарынан көрсөткөн командалар болду. Алардын катарында Чүй облусунун намысын коргоп, республикалык телетаймашта биринчи орунду ээлеген биздин команда – Аламүдүн районундагы О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин “Нур” тобунун мүчөлөрү да Талас жерине барып келишти. Алар: Байэл Токтосунов, Даниэл Руслан уулу, Алтынай Мамашарипова, Бермет Найзабекова, Беназир Сүйүнбай кызы. Даярдаган педагог-жетекчиси – “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси, мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Зыйнаш Иманкулова. Сапар учурунда, ар дайым урматтоого ээ болгон сыймыктуу адам. Андыктан Таласка, “Манас ордо” комплексине баруу бактысы мектеп директору катары мага да буюрганына абдан кубанычта болдум. Зыйнаш Эсенкуловнанын “Манас” дүйнөсүнө чындап аралашканына алты жыл болот. Ушул аралыкта эже даярдаган төрт команда республикалык турдан байгелүү орундарды камсыздай алды. Бул — зор эмгектин жемиши, эң чоң ийгилик! Буга кесиптештери абдан кубанычтабыз.

Бул жолку кызыктуу Талас сапарына Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар лицейинин окуучулары да катышышты.

- Абдан жакшы болгон экен. Бул сапарды уюштургандар, “Манас таануу” телетаймашы жөнүндө эмнелерди айтаар элеңиз?

— Алар – баарыбыз урматтаган адамдар. “Баластан” телеберүүсүнүн жетекчиси – Кундуз Аманова. Жогоруда белгилегендей, тогуз жылдан бери “Манас таануу” телетаймашы үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат. Мектеп окуучулары үчүн эле эмес, жамы журтубуздун сүйүктүү берүүсүнөн болуп калды. Окуучулар “Манас” эпосун терең өздөштүрүшүп, элибиздин тарыхын, салт-санаасын, үрп-адатын үйрөнүшүп, мекенчилдик сезимдери күчөп, китеп окууга кызыгуулары артарын көрдүк.

Быйыл мектеп окуучулары арасында өткөн “Манас таануу” конкурсун Жогорку Кеңеш колдоп, байге фонду кыйла көбөйгөнү кубанаарлык көрүнүш. Бул конкурстун арышынын кенен жайылышына көрүнүктүү манасчы Рысбай Исаков баштаган манасчылардын катышуучу, конкурстун калыс бааланышы катышуучулардын бүйүрүн кызытып, Кыргызстандын бардык региондоруна тарашына шарт түзүүдө деп ойлойм. Алып баруучу Азиз Биймырзаев, берүүнүн башкы редактору, манасчы Нурбек Талантбеков көп эмгек жумшашууда.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы Чатыркүл Бекишова, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова жана КТРКнын башка кызматкерлери да сапарда бирге болушту. Уюштуруучулар тарабынан программа эң кызыктуу түзүлгөндүктөн, эки күн кантип өткөнүн билбей да калдык.

- Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айылында, Шекерде да болгон экенсиздер. Кызыгуу, окуучулардын кубанычы өзгөчө болгон чыгаар…

— Бишкектен таң эрте чыккандан эле Шекер көңүлүбүздүн тереңинде болду. Биз бул жактан барсак, 17–20 саат жол жүрүп, алыскы Баткен жана Алай      жеринен жеңүүчү болгон окуучулар командалары “Манас ордого” келип калышыптыр.

Андан кийинки сапарыбыз улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылын көздөй уланды. Алгач айылдын маданият үйү, андагы Чыңгыз Айтматовдун музейи менен тааныштык. Окуучулардын көбү “Теңири Манас” чыгармасынын автору жана атактуу Айтматовдун орусча жазылган бир канча чыгармасын кыргыз тилине которгон көрүнүктүү жазуучу Ашым Жакыпбеков да ушул атактуу Шекер айылынын кулуну экендигин биринчи ирет билишти.

Андан соң залкар жазуучунун чыгармаларында баяндалган “Ботокөз булак”, “Ысмайылдын үңкүрү”, “Алгачкы мугалим Дүйшөндүн мектеби” деп аталган жерлерди, эски мектептин ордун, теректерди көрүп, аалам алпы Айтматовдун чыгармаларына кайра кайтып баргандай болдук. Жаңы башталган, али бүтө элек Чыңгыз Айтматовго арналган комплекс менен таанышып, мааниси зор эстелик-жай, рухий зор борбор тезирээк бүткөрүлсө деп тиледик.

Бул – бүт дүйнөгө кыргыз элин тааныткан залкар жазуучубузга көрсөтүлгөн дагы бир чоң таазим болоор эле деген ойдо кайттык. Анткени, өзүм Таш-Дөбөнүн (Воронцовка) жашоочусу катары сырт жактан келген кандай гана турист болобу, мамлекеттик кызматта иштеген меймандарыбыз болобу, эң алгач кыргыз элинин улуу уулу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине келишип, таазим этип жүргөндөрүн көрүп жүрөм. Чет өлкөдө улуу жазуучубуз  жогору бааланарын ойлойм жана абдан сыймыктанам…

Биз эки күн Талас жергесинде болгонубузда, баарыбызга кыргыздын меймандостугун көрсөткөн демөөрчү-ишкер Сарлыкбек уулу Темирлан агайга өзгөчө ыраазы болдук. Элин ойлогон Темирлан менен баарлашуу да жагымдуу. Анын “Манас” эпосунун башка тилдерге которулушуна каражат бөлүп, Бишкек шаарына жакын тоо этегинен жер тилкесин сатып алып, келечекте Айкөл Манас музейин курам деген тилектерин угуп, эл арасынан ушундай мыкты инсандар көп чыкса деген ойдо Талас жергесинен узадык.

Суусамыр өрөөнүнөн мурдагы демөөрчү агайыбыз куурдагын даярдап, кымызын алдырып тосуп туруптур. Түшкөн жерибизде элибиз сыймыктанган төкмө акын Элмирбек Иманалиев өзүнүн жаш шакирттери менен боз үйдүн жанында элге тамаша куруп жатканынын үстүнөн чыгып, кубануу менен төкмөлөрдүн жана “Манас” айтуучулардын өнөрлөрүнө күбө болуп, тээ илгерки замандагы устатын коштой  жайлоолорду кыдырып, элдин көңүлүн ачып келген кыргыздын мыкты нарк-насилин оюбузда элестетип кеттик.

Элибизде: “Миң күнгө бергис бир күн бар” деп айтылгандай, ушул накыл кепти эске түшүрүп, жан дүйнөбүз руханий жактан байып, ыракат алып, уюштуруучуларга, демөөрчүлөргө ыраазычылык айтуу менен кайттык. Ал эми кызыктуу бул экскурсия окуучулардын өмүрүндөгү эң бир унутулгус күндөрдөн болуп калды. Алар жаңы окуу жылы башталганда досторуна көргөндөрүн айтып беришет, тарткан сүрөттөрүн слайд жасап жолдошторуна көрсөтүшөт. Буга күбө болгон окуучулар мындан шык алып, кайрадан “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына өзгөчө дем-күч менен чыгааарында шек жок. Демек, зор кудурет-күчкө ээ “Манас” дастаны, бабалардын ыйык мурасы жаңы дем менен айтылып, эл руху байый берет…

- Аңгемеңизге, баалуу ойлорду ортого салганыңызга ыракмат! “Манас таануу”телетаймашынын азыркы жана мурдагы жеңүүчүлөрүнө жаңы-жаңы ийгиликтерге жетише берүүлөрүн жана элибиздин рухий бай казынасын жанындагыларга жана элге кеңири тарата беришин каалайбыз.

 

Курманбек РАМАТОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:04

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина