Жасалма акча кармагандар кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 11:29

Жасалма акча кармагандар кармалды

11 Ысык-Ата районунда жасалма акча каражатын алып жүрүүгө шектелип эки жаран кармалды.

2019-жылдын 16-июнь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Лебединовка айылынын 39 жаштагы жашоочусу Р.К. арыз менен кайрылып, 16-июнь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында бейтааныш эркек балдар 8 миң жасалма еврону сомго алмаштырып кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 616 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүү жарандардын өздүгүн аныктоо жана кармоо үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Ысык-Ата районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шектүү делип 29 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы С.Д. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 11:29

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина