Жарандарыбызга жардам берүүдө куткаруучулардын эмгеги ат көтөргүс

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:04

Жарандарыбызга жардам берүүдө куткаруучулардын эмгеги ат көтөргүс

6 Кандай кыйын кырдаал болбосун, алар кара жанын карч уруп, көп учурда адамдарды ажалдан арачалап калышууда. Узап бара жаткан жылда дагы кандай эрдиктерди, эмне иштерди жасоого жетишти. Алардын кылган ишмердүүлүгү биздин да кызыгуубузду арттырып, Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, майор Азис Эгембердиевге бир катар суроолорубузду узаттык.

 Азис Болотканович, үстүбүздөгү жылдын 9-январында №2 жарлыгына ылайык 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” – деп Президентибиз Сооронбай Жээнбеков  кол  койгон эле. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы кандай иштерди аткарганын айтып берсеңиз.

Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы Чекиров көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 650 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу №27 өрткө каршы бөлүгүнүн имараты курулуп, азыркы учурда, имаратты мамлекеттик кабылдоодон өткөрүү менен, 2018-жылдын 13-ноябрында колдонууга киргизилген.

Мындан тышкары, Москва жана жайыл райондорунда кошумча Өрткө каршы бөлүктөрүн куруу иштери каралып жатат. Тилектерибиз аткарылып, имараттар курулуп калат деген үмүтүбүз чоң.

Ушул жылы эсте калаарлык Өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу иштери Чүй облусунда жүргүзүлдүбү?

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды болтурбай, аларды алдына алуу иштерин аткаруу менен кырсыктардын коркунучун жоюу – бул өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жарандык коргонуунун түзүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын негизги максаттары болуп эсептелет. Ошого байланыштуу, жеке эле Чүй облусунун гана эмес, жалпы республиканын баардык аймактарында да өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иш-чаралары ар дайым аткарылып келет. Андай иш-чараларды мисалга алсак абдан көп. Ал эми негизгилеринин атай кетсем, алар: кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү, сел жана суу ташкындарын алдын алуу максатында жыл сайын аткарылуучу “Атайын алдына алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралар” мерчеминин алкагында сел өткөрүүчү каналдары, сел сактагычтарды, дамбаларды куруу, коллектордук-дренаждык тармактарын тазалоо жана куруу сыяктуу иштер жүргүзүлөт.

Эгер, 2018-жылды карап көрсөк, Чүй облусунун аймагында жогоруда аталган мерчемдин негизинде 23 объектиде иштер мерчемделип, бардыгында иштер аткарылган, мындан тышкары мерчемге 8 объект кошумча болуп киргизилип, иштер аткарылган. Ошондо, баардыгы болуп 31 объектиде иштер толугу менен аяктады десем жаңылышпайм.

Ошондой эле, баардыгыбызга маалым болгондой, Акыркы 15 жылдан бери Чүй облусунун Чүй районунун түндүк-чыгыш тарабынан Сокулук районуна чейин Чу дарыясынын жээктерин суу жууп кетүү процесстери болууда. Чу дарыясы кум таш жана борпоң топурактан турган эки жак жээгин суу жеп өз нугун жоготууда, өзгөчө сол жак жээги желүүдө. Аталган дарыя өзүнүн турпаты боюнча жана көбүнчө ага куюлган суулар боюнча мөңгү суусу болуп эсептелет. Май-сентябрь айларында бийик тоолуу аймактагы мөңгүлөрдүн жана түбөлүк карлардын ээрүүсүнөн 70% суу агып, жээк эроизилары жаз-жай мезгилинде күчөп баштайт.

Жыл сайын жээк эрозияларынын кесепетинен көптөгөн жер аянты жуулуп, айдоо жерлери керектен чыккан. Бул процесстер калктуу аймактарга, Бишкек-Кемин  жолунун кыртышынын бузулуусуна коркунуч жаратууда.  Ошого байланыштуу, КРнын ӨКМги “РиР” долбоорлоо-изилдөө коому менен биргеликте Чу дарыясынын сол жээгин изилдөөдө 193төн ашуун, узундугу 64,932 чакырымды түзгөн потенциалдуу-кооптуу тилкелери аныктаган.

Жогоруда аталган көйгөйдү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жыл сайын Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерине акча каражаттары бөлүнүп берилип, КР ӨКМнин “Авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары” жана “Капиталдык курулуш иш-чаралар” мерчемдеринин негизинде  жээк бекемдөө иштери аткарылып келет. Мисалга алсак: 2013-2016 жылдар аралыгында  12 тилкеде, 2017-жылы 13 тилкеде, 2018-жылы 8 тилкеде иштер толугу менен аткарылган, мындан тышкары бүгүнкү күнү дагы бир тилкеде жээк бекемдөө иш-чаралары мерчемге кошумча болуп киргизилип, иштер жүрүүдө.  

Дагы бир нерсени белгилеп кетким келет, жогоруда аталган жээк бекемдөө иштери бир гана Чу дарыясында аткарылбастан, облустун аймагында жайгашкан Ала-Арча, Аламүдүн, Кара-Балта, Сокулук, Шамшы, Бурана, Аспара сыяктуу дарыяларында да дамбаларды, шпораларды куруу менен бирге жээк бекемдөө иштери аткарылып келет. Бирок ал жактарда суунун деңгээли жогорулап, суу каптоо коркунучу жаралган учурларда же болбосо жээк эрозияларына дуушар болгон учурда тиешелүү иш-чаралар аткарылып коркунучтар жоюлмакчы. Ал эми Чу дарыясында жыл сайын жээк бекемдөө иштери аткарылып келет.

Өзгөчө белгилеп айта кетчү көйгөй – бул суудагы бөөдө кырсыктар болуп келет. Анткени жаз-жай мезгилинин келиши менен суудагы бөөдө кырсыктар көп каттала баштайт. Анын себептери айтпаса да белгилүү, атайын сууга түшүүгө ыңгайлаштырылбаган жайларда, каналдарда, дарыяларда жана мас абалында сууга түшүүлөр. Ошого байланыштуу 2018-жылы Чүй облусунун аймагында суудагы бөөдө кырсыктарды алдына алуу максатында өтө чоң жана масштабдуу иш-чараларды аткардык десем аша чапкандык болбосо керек. Атай кетсем: Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 31-майындагы “Сууга түшүү мезгилинде Чүй облусунун аймагында жайгашкан көлмөлөрдө жана башка сууга түшүүчү жайларда бөөдө кырсыктарды алдын алуу боюнча аракеттер жөнүндө” №132 буйрумасы чыгарылып дайыма аткарууга алынган.

Аталган буйруманын негизинде, КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы, райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Чүй облусунун аймагында жайгашкан суу объектилерин инвентаризация жүргүзүп, жыйынтыгында жалпысынан 399 суу объектиси аныкталган. Алардын 13 гана суу объектиси сууга түшүүгө уруксаты бар эс алуу жайлары болуп чыккан. Ошондой эле, сууга түшүүгө уруксаты бар жерлердин куткаруучуларынын бардыгы, сууга түшүү жеринин чектери, куткаруу айланаларынын бардыгы, жана башка тиешелүү каражаттары текшерилген.

Мындан тышкары, КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы райондук электр тармактары менен биргеликте, суудагы өзүн өзү алып жүрүү эрежелери боюнча калкты маалымдандыруу максатында, электр колдонуучуларынын 100 миңден ашуун эсеп дүмүрчөгүнүн (квитанциянын) арткы бетине, аталган эреже боюнча макала басылып чыгарылып, таратылды. Ошондой эле, жергиликтүү мамлекттик адмиистрациясы жана райондук ӨК бөлүмдөрү тарабынан эскертмелерди берүү, буйурмаларды чыгаруу, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу суудагы эрежелер тууралуу макалаларды чыгаруу иштери жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, 2018-жылдын 12-июль күнү суудагы бөөдө кырсыктарды алдын алуу, суудагы куткаруу иштери боюнча тажрыйбаны жакшыртуу жаатында КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Дачное айылында жайгашкан ГЭС-5 эс алуу борборунда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте “Суудагы бөөдө кырсыктарды алдын алуу, куткаруу” темасында атайын тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Жергиликтүү калкты сууга түшүүдөгү эрежелерди сактоо боюнча маалымдандыруу максатында, жогоруда аталган иш-чаралар “КТРК”, “СТВ”, “ЭлТР” телеканалдары, жергиликтүү гезит журналдар аркылуу чагылдырылды.

Ошондой эле КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Аэропорт Манас авто унаа жолдоруна суу коопсуздугу боюнча 15   баннер илинди. Ошондой эле облус боюнча кооптуу жерлерде сууга түшпөгүлө деген 280 белгилер орнотулуп, Жайыл районундагы Сосновка постундагы маалымат тактасына өзгөчө кырдаалдарда 112 номерине чалуу зарыл экендиги тууралуу маалыматтар берилүүдө.

Дагы бир ири иш-чараларыбыз жөнүндө айтып кетсем, 2018-жылдын 22 сентябрь күнү ӨК тобокелин азайтуу боюнча бир айлыктын алкагында Чүй облусунда көрсөтмөлүк-практикалык иш-чара өткөрүп, иш-чарага ӨКМнин жетекчилиги, министрликтин жана облустук ЖК күч жана каражаттары, эл аралык уюмдар катышкан.

Иш-чарада катышуучулардын жана атайын техникалардын катышуусунда салтанаттуу жүрүш, Өрткө каршы бөлүктөрүнүн куткаруучуларынын практикалык көрсөтмө иш-чаралары, ошондой эле катышуучулардын ӨК учурунда өзүн өзү алып жүрүү аракеттери жөнүндө викторина болуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектерди берүү менен аталган иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп, жыйынтыгында жетекчилик тарабынан бир айлыктын алкагында мыкты иши үчүн сыйлыкка ээ болдук.

2018-жылда КР ӨКМде оптимизация болуп өттү. Сиз жетектеген Чүй облустук башкармалыгында кандай жаңылануулар болду?

Ооба, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы №648 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндөгү” буйругуна ылайык, 2017-жылдын КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен Чүй облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматын бириктирүү иши жүрүп, жыйынтыгында КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы болуп бирге иштеп калдык. Бул оптималдаштыруунун алкагында көптөгөн жаңылануулар болду, эске салсак, мурда КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өздүк имараты жок болгондугуна байланыштуу Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратына иш алып барчубуз. Ал эми, Чүй облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматы Токмок шаарындагы №24 Өрткө каршы бөлүгүнүн имаратына иш алып барып келишкен. Бириккен соң, бизге өзүнчө имарат бөлүп берип, бирибиз Токмок шаарынан бирибиз ӨКМнин имаратынан жаңы бөлүнүп берилген имаратка көчүп келип бирге иштеп калдык. Ачыгын айта кетсек имаратыбыздын абалы начарыраак эле, ушул жылы министрлик тарабынан оңдоо иштерине акча каражаттары бөлүнүп, имаратыбызды жаңылап ондоо иштерин жүргүзүп алдык. Келечекте имаратты оңдоо жана өзгөртүү боюнча дагы көптөгөн пландарыбыз бар, анын баары ишке ашат деген үмүттөбүз.

Дагы башка жаңылануулардан атап кетсем көп эле, мисалы буга чейин КР ӨКМнин Чуй облусу боюнча башкармалыгында жана аймактык бөлүмдөрүндө саналуу гана кызматкерлер иштесе, азыркы учурда бул көрсөткүч 400дөн ашат. Тактап айстак оптималдаштыруунун максаты бул аймактык бөлүмдөрдү күчтөө болсо, анда максатына жетти десек туура болот.

Ал эми, техника жагын карап көрсөк, ар кандай өзгөчө кырдаалдарда, кырсыктарда жарандарга куткаруу иштерин ыкчам уюштурууну мындан да жакшыртуу максатында атайын ыңгайлаштырылган Авариялык-куткаруу унааларын баардык шаймандары менен сатылып алынып колдонууга берилди. Ошондой эле, өрткө каршы бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчү шаймандары министрлик тарабынан бөлүнүп, камсыздалууда.

 

  • Өрткө каршы кызматында кандай өзгөрүүлөр болду?

 

  • Өрткө каршы кызматындагы өзгөрүүлөр жөнүндө атап кетсем, баарыбызга маалым болгондой буга чейин Өрт өчүрүүчүлөр өрт кырсыгына гана чыгып келсе, азыркы учурда Чүй облусунун аймагындагы баардык өрткө каршы бөлүктөрүндө өрт өчүрүүчү жана авариялык куткаруу унаалары менен камсыздалып, өздүк курамда өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана суучулдар да бар. Муну менен айтайын дегеним, биздин куткаруучулар өрт кырсыгына, жол кырсыгына кабылып калган учурда, суудагы бөөдө кырсыктарына жана башка ушул сымалдуу өзгөчө кырдаалдарга чыгып куткаруу иштерин аткарып келишет.

Райондордогу бөлүмдөр менен башкармалыктын байланышы автоматташтырылганбы? Дегеним, ӨКМ кызматы өтө жоопкерчиликтүү жана адам өмүрүнө коркунуч келтирген окуялар байма-бай катталып турат эмеспи…

21-кылым технологиялар кылымы дегендей, бизге дагы көптөгөн заманбап компьютердик технологиялар, программалар колдонууга киргизилип жатат. Албетте аларды иш жүзүндө колдонуу үчүн атайын үйрөнүү керек. Ар бир жаңы колдонмо компьютердик программалар жана технологиялар келген сайын, биздин кызматкерлерди окутуп үйрөтөбүз.

Азыркы учурда КР ӨКМи Автоматташтырылган маалымат системасы аттуу программаны колдонуп келебиз, ал программа аркылуу өзүбүздүн карамактагы аймакта катталган өзгөчө кырдаалды каттап, кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларын аткаруу боюнча маалыматты сүрөт, видео материалдар менен кошо чагылдыра алабыз, чагылдырылган маалыматты программанын баардык колдонуучулары көрүп, жүрүп жаткан иш боюнча маалымат алып турат. Аталган программаны жеке ӨКМ кызматкерлери гана эмес, жөнөкөй жарандарыбыз да колдонуп, катталган кырсык же өзгөчө кырдаал жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Ошондой эле, 2018-жылы КР ӨКМи тарабынан республиканын аймагында жайгашкан сиреналары да заманбап, компьютерлештирилген интернет аркылуу иштечү сиреналарына алмаштырылды. Буга чейин сиреналарды иштетүү үчүн атайын бир кызматкер дайындалып, жанына барып кнопканы басуу менен иштетсе, азыр биз, ал сиреналардын баардыгын алыстан туруп эле бир компютерден эле керектүү сиренаны иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Муну менен бирге, башкармалыктын Ыкчам нөөмөт кызматына жалпы мамлекеттик комплекстүү калкка маалымдоонун жана кабарлоо системасы киргизилип, анын жардамы менен башкармалыктын жетекчилигин, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилигин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жергиликтүү калкты бир эле компьютердин жардамы аркылуу атайын  үн менен коштолгон билдирүү, смс билдирүү же болбосо уюлдук жана стационардык телефондору аркылуу кабарлоого толук шарт түзүлдү.

Ал эми, КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү жана Жарандык коргонуунун кызматтары менен ар кандай өзгөчө кырдаал катталган учурда же коркунучундагы иш-аракеттерин жана байланышты текшерүү максатында атайын бекитилген кабарлоо схемасы, шашылыш билдирменин табели аркылуу жыл сайын машыгуулар өткөрүлүп турат.

Учурда сиз жетектеген башкармалыкта канча кызматкер эмгектенет?

КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгында азыркы учурда 400дөн ашуун кызматкер эмгектенет.

Сиз бул башкармалыкка жаңы жетекчи катары келдиңиз. Өзүңүз тууралуу окурмандарга тааныштыра кетсеңиз?

 Мен 1978-жылы Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кепер-Арык айылында туулгам. 2 уулдун атасымын. ӨКМ де 16 жылдан бери кызмат кылам. Анын ичинен 11 жыл Чүй облустук башкармалыгында эмгектенип келем. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгындагы  эмгек жолумда  жетектөөчү адистен баштап иштедим.  Токмок шаардык бөлүм башчы, Панфилов райондук бөлүм башчы кийин ушул башкармалыктын “Калкты жана аймактарды коргоо”  бөлүмүнүн башчысы болдум. Акыркы беш жарым жыл башкармалыктын башчысынын орун басары кызматында иштеп, ушул эле жылдын сентябрь айынан тартып кудайым буюрса башкармалыктын башчысы болуп эмгектенип келе жатам.

 Саналуу күндөрдөн кийин жаңы жыл келет. Сиздин каалоо-тилектериңиз?

 Урматтуу кыргыз элим, келе жаткан жаңы жылыныздар менен куттуктайм! Элибизде, жерибизде тынтык болсун. Элибиз аманчылыкта, бакубат турмушта жашасын. Кыргыз мамлекеттүүлүгү өнүгүп-өсүп, дүйнөлүк аренада төбөсү көрүнгөн мамлекеттерден бололу. ӨКМ кызматкери катары айтаарым кыш мезгилинин суугунда тоолу жолдорго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын оңдоп, кышкы дөңгөлөккө өтүп, жылуу кийинип жолго чыгыңыздар. ӨКМ берип жаткан шашылыш билдирүүлөргө , эскертүүлөргө көңүл кош мамиле кылбастан көңүлүңүздөргө алып, сак болуңуздар демекчимин.

 Маегиңиз үчүн ыраазычылык. Ишиңиздерге ийгиликтерди каалап, эмгегиңиздердин татыктуу бааланып туруусуна тилектешмин.

 Айнура ЖАНЫШОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:04

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина