Жарандардын кайрылуулары кароого алынууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:55

Жарандардын кайрылуулары кароого алынууда

9 2018-жылдын  1-жарымжылдыгынынжыйынтыгы боюнча   Кыргыз Республикасынын   2007-жылдын 4-майындагы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”  Мыйзамын аткаруу тууралуу маалымат.

 

2018-жылдын   биринчи жарым жылдыгынын  жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына баардыгы болуп жарандардын 589 кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары келип түшкөн.  2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жарандардын кайрылууларынын саны  188 же 32%  көбөйгөнү байкалган (2017-ж. –401). Кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын эң көп саны Аламүдүн –186же 31,5%, Сокулук –125  же 21,2%,  Ысык-Ата –82 же 14% райондорунан келип түшкөн. Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын башка региондорунун тургундарынан –41же 7 % кайрылуулар келип түшкөн, көбүнчө жер маселелер боюнча.

Аз келип түшкөн кайрылууларынын саны Кемин, Жайыл, Панфилов Москва, Чүй райондорунан жана Токмок шаарынан (3-5%).

Келип түшкөн  кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын 589кароого жиберилген, 4 кайрылуу көзөмөлдөн алынды: анын ичинен -1кайрылуу анонимдүү экендиги аныкталды,  3 — кайрылууну кароону токтотуу жөнүндө арыз ээлери кайрылгандыктан, алар көзөмөлдөн алынды.

529 кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулар каралып чыгып, анын ичинен:

-ардагерлерге, майыптарга, калктын аз камсыз жана социалдык-аялуу катмарына материалдык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө, транспорттун иштеши  боюнча, коммуналдык турмуш –тиричилик жактан тейлөө маселелери тууралуу 97(18,3%) кайрылуу оң жагына чечилген.

— талаштуу жер маселелери боюнча, жер тилкелерин трансформациялоо,  жаңы конуштарында социалдык инфрастуктураны өнүктүрүү, эмгектик талаш-тартыштар маселелери боюнча арыз ээлери тарабынан коюлган 414(78,2%) маселелерге түшүндүрмөлөр берилди.

18 же (3,4%) кайрылуугаучурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына  ылайык  негиздүүлүктүн жок болгонуна байланыштуу, арыз ээлерине маселени чечүүдөн баш тартылган.

Отчеттук мезгилдин ичинде жарандардын кайрылууларынын 406 же 69%  жогорку мамлекеттик органдардан келип түшкөнүн  белгилеп кетүү зарыл. 179 же  30, 3% кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулар жарандардан түздөн -түз,  КР Акыйкатчысынан -2, министирликтерден жана ведомстволордон болгону2кайрылуу келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн Интернет тармагында электрондук почтасынын расмий дареги сhuyregion@gmail.com катталып, азыркы учурда  иштеп жатат.

Электрондук почта аркылуу түздөн –түз болгону 86  кайрылуу келип, баары көзөмөлгө алынып, арыз ээлерине мыйзам чектелген мөөнөтүндө кат жүзүндө жана электрондук почта аркылуу жооп берилген.

Жарандардын кайрылууларындагы эң маанилүү маселелер болуп, жер  маселеси –87 (14,7%), батир же жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү -81 (13,7%), жеңилдиктер жана материалдык  жардамдар тууралуу – 70 (11,8%), коммуналдык турмуш –тиричилик жактан тейлөө маселелери тууралуу (таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча) — 101 (17%), кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери тууралуу  маселелер   — 57 (9, 6%) саналат. Ошондой эле, жеке кабыл алуу,  транспорттун иштөөсү, эмгектик талаш-тартыштар, мыйзамсыз курулуш  тууралуу, билим берүү жана маданият тармагындагы маселелер боюнча кайрылуулар келип түшкөн.

Бекитилген графикке ылайык  жума сайын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчилери тарабынан жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу жүргүзүлүп турат. Өткөн мезгилдин аралыгында расмий катталган  195 жаран жеке кабыл алууларда болду, 149 жаранга ордунда тийиштүү түшүндүрүүлөр жана сунуштар берилип, 46 жарандардын  кат жүзүндө жана оозеки кайрылуулары көзөмөлгө алынып, кароонун жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө жооп берилди.

Отчеттук мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасына 43 жаран кат жүзүндө жана оозеки кайрылган, “ишеним телефону” боюнча 8оозеки кайрылуу болду.

Маселелердин мүнөзү:  жер маселелери, материалдык жардам берүү жөнүндө,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине даттануу,  коммуналдык турмуш –тиричилик жактан тейлөө маселелери тууралуу, жеке кабыл алуу боюнча.

 

Райондук мамлекеттик администрациялардын жана Токмок шаарынын мэриясынын алкагында

 

            2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Токмок шаарынын мэриясынын кароосуна баардыгы болуп жарандардын 1898кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары келип түшкөн, бул 2017-жылдынушул мезгилине салыштырмалуу (1417)  481 кайрылууга же 25,3% көбөйгөн.

Көзөмөлгө баардыгы1898  кайрылуулар  алынган, анын жалпы санынан келип түшкөндөрү жана каралгандары:

— Аламүдүн раймамадминистрациясы – 327(2017-ж.-125);

— Ысык-Ата раймамадминистрациясы–175 (2017-ж.- 137);

— Чүй раймамадминистрациясы– 62  (2017-ж.-60);

— Кеминраймамадминистрациясы– 75   (2017-ж.- 57);

— Сокулукраймамадминистрациясы–482 (2017-ж. -375);

— Москва раймамадминистрациясы–  160 (2017-ж.- 120);

— Жайылраймамадминистрациясы– 115(2017-ж.- 127);

— Панфилов раймамадминистрациясы–35(2017-ж.- 33);

— Токмок шаарынын мэриясы –467 (2017-ж. -383).

Көзөмөлгө алынган 1898 кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын

кароонун жыйынтыгы боюнча:

— оң жагына чечилгендери – 492 же  27,8%;

— түшүндүрмө берилгендери —  1200же 68%;

— баш тартылгандары –72же  4%.

Жарандардын кайрылууларындагы негизги маселелери:  жер боюнча маселелери – 316(16,6%), социалдык кызматтардын,  жеңилдиктер  жана материалдык жардамдар тууралуу – 261(13,7%), батир же жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү -128  (6,7%), коммуналдык-турмуш-тиричилик көйгөйлөрү, жылуулукжана энергетикалык маселелер- 164 (8,6%),  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча-79 (4,1%), кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ЖӨАБ органдарынын иштери тууралуу маселелер – 70 (3,6%).

Калктын аз камсыз болгон катмарларын, пенсионерлерди, майыптарды, көп балалуу үй -бүлөлөрдү социалдык коргоо маселесине чоң көңүл бурулуп келе жатат. Райондук мамлекеттик администрациялары жана айыл аймактары тарабынан мүмкүнчүлүктөрүнө жараша материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлүп турат.

Райондук мамлекеттик администрацияларында, Токмок шаарынын мэриясында  коомдук кабылдамалар иштейт, ишеним телефондору орнотулуп, жооптуу адамдар дайындалган.

Отчеттук мезгилдин ичинде Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрациясындагы коомдук кабылдамаларына  баардыгы болуп 63 жаран кайрылган,  “ишеним телефон” аркылуу баардыгы –36 оозеки кайрылуулар катталып, анын ичинен: Ысык-Ата РМА -14,   Аламүдүн РМА — 17, Сокулук РМА- 4, Жайыл РМА-1.

Токмок шаарынын мэриясынын “146- ишеним телефонуна” – 7527 оозеки кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен: оң чечилгени- 3525, түшүндүрмө берилди- 3850, баш тартканы- 152.

Отчеттук мезгилде  райондордун жана Токмок шаарынын жетекчилери тарабынан жеке маселелер боюнча826 жаран кабыл алынган,  алардын ичинен оң чечилгени -417 же (50,4%), түшүндүрмө берилгендери -403же (48,7%),  баш тартылгандары -2 (0,2%), 4- кайрылуу аткарууда турат.

Маселелердин мүнөзү:  коммуналдык турмуш –тиричилик жактан тейлөө маселелери,  жер маселелери боюнча, материалдык жардам берүү,  ипотекалык насыяларды алуу боюнча,   жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине даттануу.

 

Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмү

 

 

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:55

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина