Жарандар шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун кантип текшере алат…

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 20, 2020 07:56

Жарандар шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун кантип текшере алат…

10 Жарандар мобилдик тиркеме аркылуу өздөрүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин тактай алышат. Андан сырткары, ал жакка чалса, жазса же барса дагы болот.

Шайлоочулардын тизмесинен жеке маалыматты беш жол менен текшерүүгө мүмкүн экендигин Мамлекеттик каттоо кызматы айтып берди.

Ага ылайык, жарандар үчүн МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мобилдик тиркемесинде жаңы функция ишке кирди. Ал аркылуу кыргызстандыктар өздөрүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин тактай алышат.

Шайлоого аттанган 44 партиянын сегизи тизмеден чыгарылды

Тиркеме Android платформасындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Ал үчүн Play Market колдонмо дүкөндөрүнөн «МККнын кызмат көрсөтүүлөрү» тиркемесин көчүрүп, «УШКнын дарегин текшерүү» бөлүгүнө кирүү керек. Ал эми iOS ыкчам тутуму менен болгон телефондордун колдонуучулары үчүн тиркеме кийинчерээк жеткиликтүү болмокчу.

Жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен дагы кантип текшере алат?

Шайлоо участогуна барып;

www.tizme.gov.kg порталынан;

119 номери аркылуу МККнын Сall-борборуна чалуу (акысыз);

119 номерине идентификациялык жеке номерди (ИЖН) көрсөтүп, СМС жөнөтүү.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 20, 2020 07:56

Приемная кампания 2020

Элдик медицина