Жангарач айылдык ооруканага медициналык каражаттар келди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 20, 2020 13:40

Жангарач айылдык ооруканага медициналык каражаттар келди

14 Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагынын Жангарач айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна дары-дармектер тапшырылды. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, дары-дармектерди Россияда иштеп жүргөн жангарачтыктар алып беришкен.

«Алар айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна коргонуучу кийим, көз айнек, бет кап жана медициналык бут кийим алып беришти. Керектүү дары-дармек, витаминдер да алынды. Ошондой эле жеке демөөрчүлөр тарабынан 5 даана керебет матрастары менен чогуу берилди», — деп айтылат маалыматта.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 20, 2020 13:40

Приемная кампания 2020

Элдик медицина