Жалпысынан 1832 байланыш учуру катталып, анын 1435 үйдө болгон

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:12

Жалпысынан 1832 байланыш учуру катталып, анын 1435 үйдө болгон

 12 2020-жылдын апрелинен ушул күнгө чейин  ҮБДБ мобилдик тобу 439 короону текшерип, 624 бейтап аныкталган.

Жайыл районунун аймагында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 06.09.2020  No393 «Нарын облусунан Чүй облусуна көчмө лабораторияны көчүрүү жөнүндө» буйругуна ылайык, Жайыл районунун ден соолукту алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматында  ПТР изилдөө жүргүзүү үчүн вирусологиялык лаборатория жайгаштырылган.   Лаборатория     Жайыл, Панфилов , Москва райондорунун тургундарын тейлейт.

Бүгүн күкүндө 4193 адамда ПТР анализдери жүргүзүлүп, алардын алты жүзонун оң натыйжалар аныкталган.

2010-жылдын 10-октябрынан тартып Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунда ПТР анализин алуу үчүн бөлмө ачылган. Бүгүнкү күндө 13 тест тапшырылды.

COVID-19 кайрадан күчөгөн учурда, 9 ҮДТдагы күндүзгү стационарлар жана 138 орундуу 20 ФАПтар ишин уланта берет. Андан тышкары Суусамырдагы Жалпы дарыгерлер практика борборунда 5 керебеттүү, ага тиешелүү 4 ФАПтагы 8 керебеттүү, Токойлуу тилкесиндеги жолдо тез жардам көрсөтүү пунктундагы 7 орундуу,   Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин жатаканасындагы 25 керебеттүү, “Манас” спорт комплексиндеги 30 керебеттүүкүндүзгү стационарлар ишке киришет.

Учурда 187 кычкылтек концентратору бар, дагы жетиси запаста.

Бириккен аймактык ооруканада коронавирустук инфекциянын орто жана оор түрлөрү менен ооругандарды кабыл алуу үчүн 98 резервдик керебет бар.

БҮДБда 112,118 номерлүү Coll-centerкалкка  консультация берүүүчүнтуруктууиштейт.

01.10.2020-жылдан 22.10.2020-жылга чейин COVID-1дин 71 учуру, жугуштуу пневмониянын 22 учурукатталган. Ар бир учур боюнча эпидемиологиялык иликтөөлөр жүргүзүлүп, инфекциянын булагы жана себеби аныкталды. Көчмө бригада оорулуунун жашаган жерине барып, байланыштар текшерилет. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Оорунун очокторунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эпидемиологиялык топ дезинфекциялык дарылоону жүргүзүп жатат.

Медицина кызматкерлерин COVID -19 оорусу боюнча окутуу улантылууда. Бириккен аймактык оорукананын  112  дарыгери окутулган, алар 22 дарыгер, 48 медайым жана 42 кенже медициналык кызматкерлер. БҮДБнун57 медициналык кызматкери да булл илдет боюнча билимин жогорулатышкан. Алардын ичинде 20 дарыгер, 37 медайым. Окуудан өткөндөрдүн арасында ооруларды алдын алуу райондук борбору жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын 3 кызматкери бар.

19.10.2020-жылдан баштап 1-класстын окуучулары үчүн реалдуу тартиптеги окуу процессии башталды.

Үзгүлтүксүз негизде, белгиленген санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, жүргүнчүлөрдү тейлөө иш-аракеттеринин Алгоритмин сактоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жайыл районунда COVID-19 жана жугуштуу пневмониянын жайылышын алдын-алуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:12

Приемная кампания 2020

Элдик медицина