Жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:10

Жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат

7 Быйыл 51 миңдей бала мектепти аяктайт. Азыркы учурда жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн 41 миңдей абитуриент каттоодон өттү. Мунун ичинде быйыл мектепти аяктагандардан тышкары буга чейинки бүтүргөндөр да бар. Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Төлөсбай Абылкасымовдун айтымында бул жылы өзгөчөлүк катары «Кыргызтест» да киргизилген. Бирок андан өтүү милдеттүү эмес.

Быйылкы өзгөчөлүк — абитуриенттер өз ыктыяры менен «Кыргызтесттен» да өтө алышат. Эгерде эки абитуриенттин упайы окшош болуп калса, «Кыргызтесттен» сертификат алганына артыкчылык берилиши мүмкүн.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген маалыматка ылайык тесттин биринчи этабы 18-19-майда, экинчи этабы 21-22-майда өтөт. Борбордун адиси Чынар Батракееванын айтымында эгерде буга чейин каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар болсо, 17-20-май күндөрү атайын борборлордон каттоодон өтө алышат. Ал үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:

Сөзсүз түрдө паспорту болушу зарыл. Эгерде 16 жашка толо элек болуп, учурда акыркы классты бүтүрүп жатса, анда туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен мектептин маалымкаты керек. Ал маалымкатта абитуриенттин сүрөтү, окуу жайдын мөөрү жана жетекчинин колу коюлушу шарт. Ансыз катталбайт. Андан тышкары 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт ала келишет. Мектепти мурун бүтүргөн болсо, аттестаттын түп нускасын тапшырышат. Ошондой эле банктан акча төлөнгөндүгү тууралуу квитанция кажет.

Чынар Батракеева жыл сайын тест башталардын алдында «тесттин жоопторун алып берем» деген алдоолор да болорун эскертип, сактыкка чакырды. Ошондой эле буга чейин бирөөнүн ордуна экзаменге кирген фактылар да катталганын айтты. Мындай учурлар катталса, дисквалификация болорун эскертти.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:10

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина