Жакында күйүүчү майдын баалары 5-10 пайызга жогорулайт

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 22, 2018 23:51

Жакында күйүүчү майдын баалары 5-10 пайызга жогорулайт

12Жакынкы айларда күйүүчү майга болгон баалар 5-10 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирет.

Маалымат боюнча, орточо эсеп менен күйүүчү майдын баасы 0,75 сомго, дизель майынын баасы 2 сомго кымбаттады.

Күйүүчү майга болгон баалардын өсүшүнө дүйнөлүк рыноктогу баалардын жогорулашы себеп болууда.

Жыл башынан бери өлкөгө 325,8 миң тонна мунай заты импорттолгон. Ошондой эле, 160 миң тонна бензин, 165 миң тонна дизель майы ташылган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 22, 2018 23:51

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина