Жакшылар да бар үчүн жашоо сонун…

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 13:49

Жакшылар да бар үчүн жашоо сонун…

3 Чынында эле ошондой андайды, ооба, менин бактыма жараша андайларды деп айта алам, эстегенде ой-толгоолор “кечээги” эле балпалаңдап жүгүрүп тоого чыгып, күйүккөндө Чоң Кайкынын этегиндеги жылжый кыбырай, балким, бир сырдуу касиеттерди “шыбырай” ийри-буйрусунан кеткен ичке тулкусун ылдый карай созулткан мөлтүр булакты жээктей суналган көк жайыкта жайнап өсчү ачык кызыл өңдүү мандалактарды айтпай ак коюп, ал жерден кыйла бийиктеп, заңкайган берки кырдан нары ашып атып жетчү Узун-Булактын астынан гана табылчу жыты бир укмуш, кочкул кызыл түстөгү “Тоо гүлдөрү” сымал баарын унуткарта балалыкка сүңгүсө,  ал эми алар менен жолугушуп калганда кадимкидей кудуңдап кубанып, сөзүбүз да, күлкүбүз да таш жарып, тирүүлүктөгү бар нерсенин баарын камтыган кадимки чоң, бүтпөс “турмуш китеби” алдыбызга барактарынын баарын жайната ачып киргени чын. Бул ортодогу жакшы тилектер, тунук мамиле-сезимдер демдеген шыктандырчу күч белем… Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, бокс боюнча өлкөбүзгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны, башка да толгон-токой Ардак грамоталар менен сыйлыктардын ээси Рысбек Тайбасов менен жолуккан ар бир күн мына ушундай.

… Ийи, балалык кез… Мектепти ыйык, экинчи үйүбүз катары көрсөк да сабактардан качырып, шылтоо таптырган, оюнга тойгузбаган… Учурунда Сары-Булак орто мектебинде орус класстары болуп, бешинчи класстамын.Эркек балдардан үчөө элебиз. Кыргыз тилиндеги бешинчиде балдар көп Моңолдор айылынан төрт жылдык мектепти бүтүрүп келген окуучулар кошулуп. Спортко көп көңүл бурулуп турган маал. Бизде баскетбол жана волейбол боюнча жакшы команда түзүлгөн болчу. Ошондо Моңолдордон келген бою узун Рысбек Тайбасов менен сарыбулактык Берди Кожомбердиев мына ушул оюнга жаралгансып турушчу.

Мына ошол кезден бери дайыма ойлуу жүргөн, токтоо, арыкчырайынан келген, жаратылыш чымыр денени, башка да көп артыкчылыктарды берген, жаш кезинен эмгекчилдик менен адилеттүүлүктү бийик коюп, айткан сөзүнө бекем турган Рысбекти жакшы билем.

Көп өтпөй, ошол эле жылы болсо керек, алар үй-бүлөсү менен Кара-Балтага көчүп кетишкенде абдан капалангам мыкты спортсменден, ишенимдүү жолдошубуз бизден алыстап кеткенине, ал эми экинчи жагынан абдан кубангам Кара-Балтадагы мыкты делген, далай кыйындар чыккан мектеп-интернатында окуп, чоң спортко жакындан аралашып, бокс секциясына алынып, спорттун бул түрү боюнча мыкты ийгиликтерди жарата баштаганын укканымда.

Убакыт келип, жогорку окуу жайына өтүш керек болот. Ошол учурда жумуриятыбызга мыкты партиялык жана коомдук ишмер катары аты чыгып калган Урманбек Абдыгулов деген агабыз өлкөбүздүн балык чарба министри болуп иштеп турган. Ар бир маселеге кыраакы көз салып, тапшырылган ишке баш-оту менен берилип иштеген, келечекти көбүрөөк ойлогон бул даанышман кишинин демилгеси менен далай жаштар балык чарбачылыгы боюнча борбордук окуу жайларга жеңилдиктерден пайдалануу менен жиберилип турган. Рысбек, дагы үч бала болуп ошондой багыттагы институтка өтүү үчүн Москва шаарына жөнөп, баары тең бу чоң окууга өтүшөт.

Гезит-журналдарды, ар кыл адабий, илимий-популярдуу китеп жана басылмаларды бала кезинен көп окуп, азыркы тапта да республикалык болобу же дүйнөлүк деңгээлдеби бардык жаңылыктар жана окуялар менен кабардар болуп, аларга кырдаал-шарттарга жараша терең  баа бере билип, өз ой-пикирин да түз, так жана таамай айткан Рысбек экөөбүз бул жолугушууда  сөз учугун анчалык жогорулатпай, саясат тууралуу да кеп кылбадык, ар нерсени эстеп, катуу каткырып күлүп алып да жаттык. Ушу маалда мен Дюманын мушкетерлорундай болуп бой десе бой, келбет десе келбет бар кычыраган кыргызстандык төрт жигиттин бири, Мокен болсо керек, институттун жатаканасында болгон бир окуяны айтканы эсиме түшүп, ошондо сенин боксерлугуң жардам берген турбайбы деп койдум. Кыскача ушу тууралуу:

Биздин дарегибиз – Советтер Союзу деп койчу элек го баарыбыз бир күчтүү идеологияны туу тутуп, союздун кайсы жерине барбайлы өз жергебизде жүргөндөй сезип. Тартип да катуу эле болсо да окуудабы же аскердик кызматтабы жаштар арасында улуттар аралык бөлүнүүлөр көп болчу. Жатаканада да айрым улуттун өкүлдөрү үстөмдүк көрсөтүшүп, кыйын болучыгышчу. Төртөө жашаган бөлмөнүн маңдайында төрт орус жигит турчу. Накта атлеттер экен бойлору эки метрге жетип, булчуңдары буруюп. Рысбек ашкананын плитасындагы картөшкөнү аралыштырып коюп, бөлмөгө келип китеп окуп олтурган. Бир маалда  сыртка чыккан Акылбек өңү бопбоз болуп бөлмөгө кирет. Муну байкаган Рысбек:

— Ой, Акыл, сага эмне болду? – деп сурап калат

— Тиги, экинчи курста окуган орус студент мени киши катары көрбөй биздин картөшкөнү сугунуп жеп жатат, — дейт.

Рысбек көрөйүнчү деп ашкана жакка барса, Акыл айткандай эле болуп чыгат. Рысбекти көрүп акырая карап: “Кет нары” – деп барк этип, бышып калганды жей берет. Рысбек тигинин жарымынан эле келгенине карабай жакындай калса тиги бок жүрөк немеби, ашканадан чыгып, бөлмөсүнө кирип кетет. Көп өтпөй баягы төртөө тең дуулдап кирип келишет, артында бир нече орус студенттер жүрөт. Айрыкча алиги картөшкө жегени атырылат. Баягы картөшкө жегени: “Ушул, ушул” — деп Рысбекти колу менен көрсөтөрү менен дагы бири аны желкеден алып, туалетти көздөй жетелейт. Ушу жерден Рысбек: “Туалетке жеткенде мени соо коюшпайт, андан көрөкчө..”, деп чечип, кайрылып туруп тигини тумшукка катуу уруп калат. Анысы талп этип полго башы менен сайылат. Айланада тынчтык өкүм сүрүп, чогулгандын баары делдейип туруп калышат. Бир маалда Рысбек эсине келе калганбы: “Эмне турасыңар делдейип, алып кеткиле! – деп кыйкырып жиберет. Беркилерге дароо жан кирип, тигини бөлмөгө сүйрөп кетишет. Рысбекке негедир бири унчукпайт. Рысбек болсо, картөшкөнү көтөрүп, бөлмөсүнө барат да:

— Эми булар бизди соо коюшпайт, даяр туралы, — дейт.

Бир күнү кечинде эшик дүкүлдөп калат. Рысбек ачат эмне болсо да мен көрөйүн деп. Баягы төртөө экен. Алиги матросу: “Пошли” – деп аны бөлмөсүнө алып кирет. “Эми жайлашат окшойт…” – деп Рысбек бардыгына даяр. Ал ойлогондой болбой беркилер  алдына арак алып келип, достошуп кетет.

Төртөө биринчи курсту да аяктап, каникулга келишет. Берки үчөө тең Россияга барбай, мындагы эле окуу жайга өтүүнү чечишет. Рысбек окууну уланта берүүнү чечет. Бирок атасы Сүйөркулдун тилин алып, дене-тарбия институтуна өтүп, аны бүтүрүп, Кара-Балта шаарындагы ДЮСШга машыктыруучу болуп орношот. Ошондон бери ушул иште. Эмгек китепчесинде бир гана жазуу жана жалгыз мөөр бар.

Машыктыруучу болуу өтө оор жумуш. Канча күч, ден-соолук кетет. Айрыкча мелдештер учурунда. Муну өзү сөз кылбайт. Өзү айткандай, жаңы келгенде бокска катышкандардын арасында кыргыздар жок экен. Кыргыз балдардын биринчиси Орозбек Батубаев деген бала СССР кубогунун жеңүүчүсү болгон. Ал эми Сорокин деген баласы СССРдин биринчилигинде мыктылыгын көрсөтүп биринчи орунду алмакчы болгондо еревандыктар өз  боксчусуна тартып, экинчи орунду ээлеп калганда машыктыруучу абдан капаланып, ооруга да чалдыгат. Азыркы тапта да келечегинен үмүт арттырган балдары жок эмес, демек, анын алдында дагы көп эмгектер, орусча айтканда, жаңы “переживаниелер” турат, бул — анын жүрөгү үндөгөн, өзүн мунсуз элестете да албаган иши, жашоосунун чоң бир бөлүгү, жалпыга айта турган сөзү, башкаларга өрнөк катары артында калтырып келаткан жандуу издери…

ДЮСШда тартип катуу, өзү да аны сактайт, бокска катышкан балдар да ар бир машыгууга бир мүнөт кечигишпейт. Анан бир жолу ушул белгилүү боксчу, эли-жерине эмгеги сиңген машыктыруучу Рысбек Айнакулович мага кайрылып: “Сен кишилердин кимиси кандай экенин ажырата аласыңбы? – деп калды да, анан менин жообумду күтпөй: “Мына, базарда бир соодагер аны-мунусун жайнатып сатып, үстөлүнөн бир нерсе, мейли таштанды эле дейли, түшүп калды. Тартипти ар дайым сактаган мен анын жанына барып: “Тигини жерден алып койбойсуңбу” – дейм да. Тиги шакылдап “Азыр” – дегени менен тиги ошо бойдон ордунда кала берет. Мына, кедей деп кимди айтыш керек”, — деп коюп унчукпай калган “үстөлүндөгүсү түшүп калса, ал жата калып терип кирмек” – дегеними укпай…

Жумакан САРИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 13:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина