Жакшы жашайлы десек, кечээкини унутпайлы…

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2019 17:45

Жакшы жашайлы десек, кечээкини унутпайлы…

5 Быйыл Сары-Өзөн Чүйдүн чыгаан атуулдарынын бири, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, партиялык, чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген, көптөгөн сыйлыктардын ээси Ашыралы Алымкулов атабыз 100 жашка чыкмак (ушинтип айтышыбыз керек экенөткөндөрдү эстегенде, анын үстүнө ар качан, ар бирибизге эсендикти тилеп келаткандыктан). Чүй облусунда азыркы тапта кырк беш согуш ардагери аман-эсен жашап жатат. Эң жашы токсон бештерде, кылым карытууга белсенгендери да жок эмес. Аларга бакубат турмушту тилейли, албетте, кайсы бир даталар менен майрамдарда гана эмес, демейки күндөрдө да -эстеп, ал-акыбалдарын сурап-билип. Бул биздин түздөн-түз парзыбыз.

“Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин”  деп улуу акын Аалы Токомбаев ушундай жөпжөнөкөй сөздөр мененадам баласынын жашоосундагы эң бир бийик арман-күчкө, ошол эле учурда күн сайын артка да, алдыга да таразаны колго алып кароого тынбай үндөгөн, асмандагы жылдыздардан, ак булуттардан…  бери ушу биз жашаган жерибизге жакындаткан кубаттуу толкунга ээ ойду берип койгон тура. Ооба, өткөндү эч качан унутпай терең түшүнүк, баа берүү мененкароо мүмкүнчүлүгү “эстутум” деп аталган касиетти ыйык да, бийик да туткан адам аттуугагана берилген эмеспи…

Албетте өткөндү, эл-жерге ак мээнет этүү менен өзүлөрүнүн өлбөс-өчпөс издерин калтырган адамдарды кантип унуталы, алар тууралуу кантип айтып турбайлы…

… Ашыралы Алымкулов атабыз 1919-жылы Калинин (азыркы Жайыл) районунун Сары-Коо айылында дыйкандардын үй-бүлөсүндө төрөлүп,бар жагынан оор убак эмес беле,токоч табуу дегени абдан кыйынга туруп, окуп-чокуу дегени да ар кимдин эле колунан келе бербеген, бирок жупуну ата-эне күн-түн дебей кол-буттан алып турчукыйынчылыктарга карабай балдары билимдүү болушуна умтулуп, Ашыралы ата башка да айылдык зирек балдар менен кошо мектепке барып, жети жылдык билимге ээ болот. Билимин андан ары өркүндөтүү башкы максаттарынын биринен болсо да, ырас, ал кезде жети жылдык билим айылдыктар үчүн чоң жетишкендик катары саналчу эмес беле, Ашыралы ата карыган ата-энесин, башкаларын да ойлоп:ошондогу “Большевик” колхозунун жетекчилигинин көптөн-көп өтүнүчүнө да байланыштуу чарбанын эмгек боюнча эсепчиси кызматына ишке алынып, ал ошол кездеги бу барктуу, тактыкты талап эткен кызматта бир топко чейин иштеп, кыргын-согуш башталаар алдында, 1940-жылы Армиянын катарына кызмат өтөөгө чакырылат.

Аскерде жүргөндө да билимдүүлүгү, чыйрактыгы, орус тилин мыкты билгендиги жана аракетчилдиги менен дароо көзгө көрүнө баштайт. Тез эле бардык жагынандаярдыгы жогору жоокерлердин катарында жүрөт.Көп өтпөй атың таптакыр өчкүр кандуу согуш башталат. Угушума караганда Ашыралы ата согуштан кайтып келгенден кийин кайсы жерде жүрбөсүн, кандай иште иштебесин, согуш жөнүндө, кан майданда кандай эрдиктерди көрсөткөндүгү жөнүндө эч бир сөз кылгысы, атүгүлэстегиси да келчү эмес экен. Ошентсе да азыркы кепошол кандуу салгылашка башынан аягына чейин аралашып, баштан не кыйынчылыктарды өткөргөн ардактуу ардагер атабызтуурасындаболуп аткан соң, ар кыл документ, архивдерге, согушка катышкан айрым аксакалдардын эскерүүлөрүнө, аздан болсо да атадан жанын койбой сурамжылап, айрым окуяларды угуп-билип калышкан уулдарынын айткандарына таянып, бул жагына кыскача болсо да токтолбой кетүү мүмкүн эмес…

Ашыралы Алымкулов атабыз генерал, кийин Советтер Союзунун маршалы болгон кадимки Чуйковдун дивизиясынын катарында салгылашып, Сталинградды коргоого, Ростовду немецтерден бошотууга  ротанын комсоргу, кийин бөлүмдүн командири катары катышат. Алгачкы эле салгылаштарда кандай эрдик көрсөткөнүн ага 1942-жылы берилген, кийинки мезгилдерде эң баалуу сыйлыктардын бири катары аталып калган “Сталинградды коргогондугу үчүн” медалы ырастап турат.  Фашисттердин мизин кайруу, тишин чагуу так мына ушул салгылаштан башталганын баарыбыз билебиз да. Ошол эле жылы партиянын катарына өтөт, анын билимге жакындыгы, патриоттук сезиминин бийиктиги, эр жүрөктүүлүгү, ар кандай кырдаалдарда башкаларга үлгү болорлук аракеттерди көрө билиши ал кызмат өтөгөн бөлүктө эске алынып, саясый кызматкерлерди кыска мөөнөт ичинде даярдоочу курска жиберилет да аны аяктагандан кийин бул чечкиндүү жоокерге кенже лейтенанттын наамы берилет. Мындай оор сыноодо кимдин ким экени тез эле көрүнө баштайт эмеспи, көп өтпөй ротанын командиринин саясый иштер боюнча орун басары болуп дайындалып, ага жоокерлер арасында саясый кызматкер катары идеологиялык иштерди да жүргүзүү милдети жүктөлөт. Бул ошол тапта эң бир маанилүү роль ойногонун кимдер билбейт. А.Алымкуловдун салгылаштарда көрсөткөн эрдиги, ал убакта ”замполит” деген ар дайым алдыда жүрчү эмес беле, жоокерлер арасында жүргүзгөн саясый иштери үчүн ал көп сандаган сыйлык жана грамоталар менен сыйланат.

Согуш бүтөйүн деп калган мезгилде Ашыралы Алымкулов “1941-1945-жылдардагы Улу Ата мекендик согуштагы каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланып, дүйнөдө мурда болуп көрбөгөндөй кыргындуу болгон майдандан туулган жерине аман-эсен кайтып келет. Согуштан кийинки оор жылдар кимди кыйнабаган, баарын жеңип жана чыдап келген жүрөктөргө эгерим кетпес так салбаган. А.Алымкулов 1950-жылга дейре партиянын Калинин райондук комитетинде инструктор, андан соң  айыл чарбасын көтөрүү мезгилинде иш билги, билимдүү жетекчи катары ушул эле райондун “Большевик” колхозунун башкармасы, андан кийин коңшулаш чарбанын парторгу болуп эмгектенет. Кийинки жылы кайра  Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1953-жылга чейин аскердик кызматта жүрөт, эл аралык мамилелерде татаалдыктар болгону белгилүү. Ошентип  Ашыралы Алымкуловдун жети жылдык өмүрү жалаң аскердик кызматта өтөт. Кайтып келген эле жылы ал  Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окуп, ал эми 1955-жылы “отузмиңчилердин” арасында Тянь-Шань облусунун Куланак районунунэң артта калган “8-март” колхозунун башкармасынын кызматына жиберилет.  Ашыралы Алымкулов иштеген учурда бул колхоз бутуна турмак түгүл ошол райондогу алдыңкы чарбалардын катарына кошулуп, СССРдин ВДНХсына катышууга чакырылып,  чарба жетекчиси Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланат.

Ашыралы Алымкулов ата кийинки жылдары да  партиялык жана чарбалык жетекчи кызматтарды аркалап, бир катар өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон. Алардын баарын санап олтурбайлы, документтери бар. Тагдыр өкүмү дейбизби же согуштун,же андан берки да, андан кийинки да оор жылдардын, же кайсы жерде болбосун жалындап жанып турчу жан дилин бүт бойдон арнап иштеп келгендигинин таасириби: 1962-жылы болгону 43 жашында жарык дүйнөдөн кайтат.

Арман, арман… Арийне, мындай кейиштүү учурлар бир эле кишинин, үй-бүлөнүн тагдырына туш келген жок. Далайлар мындайды баштан кечирди. Ошентсе да ушул жердентак айтып койчу бир кеп бар: ошол кезде биздин жергебиз көрүнүктүү, келечеги тээтиги жакта чалкып жаткан, көрөгөч, сезимтал, жоопкер, мамлекеттик деңгээлде ойлоно билген уулунан ажыраган…Анан  тээ “ыраакта” туруп алыпАшыралы Алымкулов атабыздын эң кыска болсо да байсалдуу, жандуу издер калган өмүр жолуна баам салып көрсөң, мындай бир бекем жана сыймыктуу ой туулбай койбойт: бул кишинин жашоосунда башталган иш-багыттан дегеле бир саамга,  бир укум учурга да токтолуп калуу дегени болбоптур ар аракет-кыймылынанилгерилөөгө жанашкан ыкчамдык менен тыкандык, ишке терең берилүүчүлүк тасырайып көрүнүп,анан, ага эл дегенде тоодой иштерди томкорчу,мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн жана иштеген инсандардын негизги иш, милдеттер менен кошо, тегерек-четтеги эле жупуну адамдар, жарды-жармачтар, негизги иштерге тиешеси деле жок башка да маселелерге, албетте, бала-бакыра, үй-бүлөгө да ошондой эле деңгээл-даражадамамиле жасап жана күч-аракетин жумшоо, баарын көрүп-билип, таразалап, жакшылыктарына себепкер болуп туруу мүнөздүү экени да көп нерсе тууралуу айтып турат.

… Уланымы бүтпөс жандуу издер… Биз кыскача болсо да кеп кылып кеткен Ашыралы Алымкулов ата жана ак эмгеги менен мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон Асылкан Алымкулова апа экөө бирге калтырышкан…  Уулдары Бедалы, Батыралы, Нарынбек, Өмүрбек, кыздары Анара, Мунара жогорку билимге ээ болушуп,  ар кыл жетекчи кызматтарда иштеп, эли-жерине пайда келтирүү менен ошол улуулар калтырып кеткен издерди улап баратышат…

Жумакан САРИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2019 17:45

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина