Жакшы даярдык ийгиликке жеткирет

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 14:20

Жакшы даярдык ийгиликке жеткирет

5 Жаз – жарыш

Чүй боору бышыкчылыктуу, берекелүү жер. Өлкөбүздүн туш тарабынан келген элдерди батырып,багып жатканына бир чети таң калып, бир чети кубанасың. Кыргызстанга жашаганы,иштегени жана кооз жерлерин көрүп эс алганы келген чет элдиктердин саны  улам артууда. Ушундай эли, жери бар аймакка чындап ыраазы болосуң.Бүгүнкү күндө Чүй облусу баардык тармактар боюнча ,айрыкча  айыл чарба продукцияларын өндүрүү жагынан да  өлкөнүн экономикасына чоң салым кошууда. Бул ирет Кыргызстан боюнча ички дүң продукциянын 25,3 пайызын түзгөн айыл чарба тармагы тууралуу облустук мамлекеттик админстрациянын агрардык секторунун жетектөөчү адиси Адилет АБЫЛБЕКОВ менен пикир алыштык.

  • Чүй жеринде жазгы талаачылык иштерине кандай даярдыктар көрүлүүдө?
  • Өткөнжылдагыдан быйыл даярдык жакшы. Ар бир райондо жазгы талаачылык иштерге даярдыктар эрте башталган. Дыйкандар алган жеңилдетилген насыянын суммасы  былтыр 1млрд. 764миң 600 сомду түзгөн. Насыядан 293 дыйкан пайдаланган.Насыя алуучулар үстүбүздөгү жылы былтыркыга караганда көбүрөөк болот деген божомолдор бар.Азыр дыйкандар насыя алууга документтерин топтоп бүтүп калышты. Биз дагы тездетүүгө аракет кылып жатабыз, зарыл документтер даярдалууда.Март айында насыябериле баштайт.Мындан тышкары”Айыл чарбасын өнүктүрүү -7” долбоору боюнча да иштер алып барылып жатат. Буюрса,айдоо-себүү,деги эле талаачылык иштерине керектелчү техникалар оңдолуп бүтүп калды.
  • Былтыр башка региондордо көйгөйлөр жаралып,алган түшүмүн убагында сата албай кыйналгандар болбодубу. Сиздер ушул жагын эске алып,быйыл кайсыл айыл чарба өсүмдүктөрүн көбүрөөк өстүрүүгө  көңүл бурганы жатасыздар?
  • Бул жагынан биздин дыйкандар кыйынчылык деле тартышпайт.Өндүрүлгөн кандай продукциялар болбосун дээрлик баары өз убагында сатылат.Көп жылдык тажрыйбадан улам дыйкандар бул жагын жакшы өздөштүрө алышты. Бардыгы алдын ала пландаштырылып, тиешелүү жумуштар өз убагында жүргүзүлөт. Ошондуктан келерки жылдын түшүмү үчүн аракет көрүү күздө эле башталат. Кылкандуу дан эгиндердин бир топ бөлүгү күзүндө, калган бөлүгү жазында айдалат. Чүй облусунун  айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча өлкөбүздөгү азык түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатындагы орду чоң. Жалпылап алсак,эң көп айдалуучу кылкандуу дан эгиндеринен 122 миң гектар  аянтка буудай, арпа өстүрүү  болжолдонууда. Баардык  айдоо жердин  аянты 329,3 миңгектар болсо, анын 50 пайызга жакынын кылкандуу дан эгиндери ээлейт. Калган бөлүгүнө жүгөрү, кызылча,капуста жана башка өсүмдүктөр өстүрүлөт. Андан тышкары тоют өсүмдүктөрүн себүү да жылдагыга караганда көбөйгөнү байкалууда. Быйыл биздин сектордун эсеби боюнча тоют үчүн керек өсүмдүктөр себилүүчү аянттар112,295 гектарды түзөт жана былтыркыга караганда 3849 гектарга көп болушу күтүлүп жатат.

-Талаачылык иштерин жүргүзүүгө тоскоол болчу жагдайларды эске алып жатасыздарбы?

-Дыйкандарга тиешелүү бардык иштер орду менен жүрүп жатат. Талаачылык иштерине керектелчү  күйүүчү- майлоочу каражаттар жагынан жетишпестик деле болбойт. Бул жагынан камсыздоочулар менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.  Сапаттуу үрөн менен камсыздоо маселелери да чечилип жатат.

Албетте, жазгы талаачылык иштери ар кандай шарттарга, аба ырайына да көз каранды.Ошондуктан өтө жооптуу өнөктүк. Биз ушундай жагдайларды эске алуу менен талаачылык иштерин жакшы деңгээлде жүргүзүүгө бардык аракеттерди көрүүдөбүз.Ийгилик жакшы даярдыкка байланыштуу болот эмеспи.

Станбек МАМЫРАЛИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 14:20

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина