“Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоору жакшы иштеп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:09

“Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоору жакшы иштеп жатат

7 Үстүбүздөгү жылы аймактардагы жайыттар боюнча мамлекет тарабынан алгылыктуу иштер жасалды. Ошондуктан, бир эл Чүй облусу эмес, Талас облусу боюнча дагы маалыматтарды гезитибизге берүүнү чечтик. Себеби, эки облустун аймагынын жайыттары көп учурларды чектеш жайгашкан. Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Дүйшѳнбек Алымбеков : “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоору ишибизге чоң жардам кѳрсѳттү”-дейт. Ушул маселе боюнча Д.Алымбековго бир нече суроолор менен кайрылдык .

-Жайыт комитети болуп качантан бери иштейсиз, ишиңиз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы болуп 2015-жылдан бери иштеп келе жатам. Буга чейин ушул эле жайыт комитетинде жайыт боюнча инспектор болуп иштеп келгем. Союз мезгилинде атам малчы эле, тоолорду жакшы кѳрчү. Атамды тартып мен дагы тоолорго жакын ѳстүм, мал-жанга жакынмын. Ушундан улам тоолорго, тоодогу малчыларга кандайдыр бир жардамым тийсе экен деп максат менен айыл аймактын жайыт комитети уюшулгандан тартып ишине аралашып иштеп жатам.

Бардык эле жаңы башталган жумуштай эле жайыт комитети да кѳп-кѳп кыйынчылык, тоскоолдуктарга кабыл болду.Ишибизде дагы деле анча мынча түшүнбѳгѳндѳр кезигет. Ошентсе да бир жерде токтоп калбай тынымсыз аракеттенүүдѳбүз.

Азыркы учурда жайыт комитетининтогуз мүчѳсү: айыл аймак башчысы, айылдык кеңештин тѳрагасы, депутаттар жана жайыт пайдалануучулар бар. Мына ушул адамдар менен биз жайытка тиешелүү бардык маселелерди комитеттин чогулушунда акылдашып, талкуулап, анан чечебиз.

Шадыкан айыл аймагынынжайыт тилкелери негизинен жакынкы, ортоңку жана алыскы жайыттар болуп бѳлүнѳт. Жакынкы жайыттар жаздоодо жана кыштоодо пайдаланылат. Биздин жайыт пайдалануучулардын короо-сарайлары кѳпчүлүгү ушул жакынкы жайыттарда.Комитеттин жыйынында жакынкы жайытыбыздыэс алдыралы депчечим чыгардык. Буйруса, келерки жылдан ишке ашырабыз деп турабыз.

  • Жайыт комитетинин мүчѳлѳрү алгылыктуу иштерди жасап жатасыздар, түйшүктүү ишиңиздерге колдоо кѳрсѳтүп, жакындан жардам бергендер барбы?

— 2015-жылдан бери Бүткүл дүйнѳлүк банктын колдоосу аркылуу КР айыл чарба министрлиги ишке ашырган “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоору ишке киришкени биздин жайыт комитетинин ишине чоң жардам болду. Долбоордун алкагында кѳптѳгѳн окуулар, элдик жыйындар, отурумдар болуп ѳттү. Мына ушул жыйындардын негизинде көп жылдан бери кѳйгѳй болгон, малды креолинге салуучу купка салыш керек деп чечкенбиз. Дагы бир кѳйгѳйүбүз, малчыларыбыз кѳчүп, мал айдай турган жолдорубуз бузулуп, жамгыр жааган сайын сел алып кетип, кѳп түйшүккѳ салып келген. Айылда атайы жарай турган техника жок аябай кыйналчубуз. Шадыкан айылдык кеңештин тѳрагасы Назаралиев Абжалбек жана айыл аймагынын башчысы Ызабеков Медеркулдун жардамдары менен ѳздүк салымга акча таап беребиз деп демилге кѳтѳрүшкѳн болучу. Ушул иштердин жыйынтыгында “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоорунун 1-этапы аркылуу 952500 сомго койлорду креолинге салуучу купканы салып, буйруса ишке киргиздик.

- Малчыларга бир топ жеңилдик болгон тура!?

— Ооба, быйыл биринчи жолу иштегендиктен эл толук кабардар болбой 4000-5000дей кой, эчки креолинге салынды. Буйруса купканы жаздан баштап толук кандуу иштете баштайбыз деп турабыз. 2-этапы менен 2,5 млн сомго фронталдуу жүктѳгүч сатып алдык. Буйруса,дагы бир кѳйгѳйүбүз чечилди деп ойлойм.

Биздин бул иштерди ишке ашырууга аталган долбоордун жана жайыт департаментинин консультант-тренерлери, ветеринардык палатанын кызматкерлеринин жардамы чоң болду. Айтмакчы, долбоордун негизинде 2 жеке ветеринардыкдарыгерди жайыт комитети келишимдин негизинде алдык.

Жылдын башында март, апрель айларында мал санак боюнча комиссиясын түзүп, малдардын башын санайбыз. Ошол санактын негизинде ар бир жайыт пайдалануучу менен келишим түзүлѳт жана жайыты белгиленет. Ветеринарлар эмдѳѳ иштерин жүргүзүп, андан кийин справка беришет. Мына ушундан кийинмалчылар жайлоого, алыскы жайыттарга кѳчүп башташат. Учурдан пайдаланып, жыл жаңыраар алдында жалпы жайыт пайдалануучуларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, узун ѳмүр, чың ден соолук, жаңы жылда жаңы- жаңы ийгиликтерди каалап кетем.

  • Маегиңизге ырахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Гулмира Джакеева

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:09

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина