Жайылдагы ооруканага жасалма дем алдыруучу кымбат аппараттар алынды

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 1, 2020 12:08

Жайылдагы ооруканага жасалма дем алдыруучу кымбат аппараттар алынды

6 Жайыл райондук ооруканасына жасалма дем алдыруучу 2 аппарат тапшырылды. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын ар биринин баасы 1 млн сомдон ашат. Бул аппараттар күчтүү жана иштөө тартибин ар бир бейтап үчүн ыңгайлуу кылып көзөмөлдөсө болот.

«Эгер аппаратка туташтырылган бейтаптын дем алуусунда кандайдыр бир өзгөрүүлөр же кыйналуу болсо, жабдык автоматтык түрдө белги берет», — дешти дарыгерлер.

Бул жабдыктар коронавирус менен күрөшүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 1, 2020 12:08

Приемная кампания 2020

Элдик медицина