Жайыл районунда саясий абал туруктуу

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:09

Жайыл районунда саясий абал туруктуу

6 Жайыл районунда 100дөй милиция кызматкерлери жана 160тай элдик кошуундун өкүлдөрү коомдук тартипти сактап жатат.

Кара-Балта шаарында жана Жайыл районунун айылдарында коомдук-саясий абал туруктуу. Базарлар, соода түйүндөрү мурункудай иштеп жатат. Коомдук жайларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана элдик кошуун тарабынан тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Кечээ, 9-октябрда Кара-Балта шаарында А.Макаренко атындагы орто мектебинин базасында жарандык коомдун катышуусунда милициянын өздүк курамына саптык кароо өттү.

Кара-Балта шаарында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо үчүн Жайылдагы укук коргоо органдарынын, күзөт кызматынын кызматкерлери, элдик кошуундар тартылган.

«Жайыл районунда саясий абал туруктуу. Эгер айылдарда шек жараткан унаа пайда болсо, анда жергиликтүү тургундар жана элдик кошуундар эмне себептен келгенин сураштырышат», — деп билдирди РИИБдин жетекчиси Уран Шамбетов.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:09

Приемная кампания 2020

Элдик медицина