Жайыл районунда коронавирус илдети жок бейтаптарды аныктоо үчүн мобилдик топ түзүлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:40

Жайыл районунда коронавирус илдети жок бейтаптарды аныктоо үчүн мобилдик топ түзүлдү

12 Жайыл районунда коронавирус менен симптомдору жок ооруган бейтаптарды аныктаоо үчүн мобилдик топ түзүлдү. Бул тууралуу райондук башкы санитардык дарыгери Осмоналы Жолдошбаев билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда мобилдик топ тарабынан 3 адамдан илдет аныкталды. Акыркы учурда райондо эпидемиологиялык абал начарлап жатат. Жайылда биринчи жолу коронавирус апрель айында аныкталып, оорунун күч алган убагы июль айына туура келген. Акыркы күндөрү ооругандардын саны 2 эсе өстү. Дарыгерлер симптомдору жок ооругандардын тез-тезден жолуга баштады. Кыска убакыт ичинде 151 кишиден анализ анылып, Сосновка айылы менен Кара-Балта шаарынын тургунунан илдет чыкты.

«Илдетти аныктатоо үчүн мобилдик топ өзүн начар сезип жаткан адамдардын анализин алат. Мисалы кандайдыр бир уюмдун жамаатын же айылдын тургундарын тандап, бекер ПЧР-тест тапшырууну сунуштайбыз. Ушинтип бир катар ири дүкөндөрдүн, банктардын, паспорттук столдун, салык инспекциясынын эмгек жамааттары текшерилди. Жалпы симптомдору жок ооруган 3 адам аныкталды. Алар илдет жуктуруп алышкандыктарын билишкен эмес», — деди ал.

Коронавирус желим же темирдин үстүндө 72 саат, картондун үстүндө 24 саатка чейин жок болбой сакталып турат.

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:40

Приемная кампания 2020

Элдик медицина