Жайкы сезонго карата Ысык-Көлдө 17 пансионаттын ишине тыюу салынды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 16, 2015 08:58

Жайкы сезонго карата Ысык-Көлдө 17 пансионаттын ишине тыюу салынды

10 16 июнь, Бишкек. Бул маалыматты өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Эмил Каптагаев облуста өтүп жаткан «Тартип жана меймандостук» форумунда билдирди.

Каптагаев эс алуучу жайлар экологиялык жана бир топ талаптарга жооп бербегенин, бир катар эс алуу жайларына да эскертүү берилгенин айтты. Жабылган пансионаттарда кир сууну кетирүүчү түтүктөр талапка жооп берген эмес. Былтыр 2014-жылы 15 пансионаттын ишине тыюу салган эле.

«Тартип жана меймандостук» деген аталыштагы форумга вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана ички иштер министри Мелис Турганбаев да катышууда. Форумда эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланып жатат.

 

Дина Кожогелдина, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 16, 2015 08:58

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина