ЖАҢЫ МЕКТЕП – ТЕРЕҢ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫ

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 14:26

ЖАҢЫ  МЕКТЕП – ТЕРЕҢ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫ

5 Жаңы окуу жылынын башталышын утурлай Москва районунун Мураке айылында белгилүү акын, журналист Салкын Бегалиева атындагыорто мектептин ачылышы болуп өттү. Жаңы заманбап мектептин салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Өкмөттүн Чүй обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев,  Москва райондук администрациясынын башчысы Өмүр Ногоев катышышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндөмугалимдерди, окуучуларды  Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап сүйлөдү.

— Билим күнү биз үчүн өзгөчө күн. Ушул күн жашоонун жаңы баскычынын белгиси болуп саналат. Бул Кыргызстандын эли билим берүүгө балдарга жана өлкө келечегине зор маани берерин айтып турат. Мен силерди өзүмдүн жана президент Сооронбай Жээнбековдун атынан жаңы окуу жылынын башталышы жана жаңы заманбап мектептин ачылышы менен куттуктайм.  Быйылкы жылы өлкөбүздө 1 млн.268 миң окуучуга мектеп эшигин ачып, алардын 156 миңи  1-класстын босогосун атташты. Бул күн ата-энелер, чоң ата жана чоң апалар үчүн дагы  өзгөчө күн. Себеби ар бири бала  татыктуу билим алса, келечектин ээси болот. Азыркы заманда билим алууга  тийиштүү көңүл бурган эл дайыма бакубатчылыкта жана жеткиликтүү жашоодо жашайт. Мектепти аяктай турган жогорку  класстын окуучуларына  кайрылгым келет. Силер кесип тандоого олуттуу мамиле кылышыңар керек. Анткени бул силердинкелечек жашооңорду аныктай турган маанилүү кадам. Адис болуу үчүн силер кадырына карабастан, эмгек рыногунун реалдуу талаптарына көңүл буруп, техникалык адистиктерге маани берсеңер болот,-деди М.Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында республика боюнча бүгүн 15 жаңы мектеп өз эшигин ачты. Андан сырткары, 111 билим берүү объектиси курулууда, жылдын аягына чейин 72 мектеп ачылганы турат.

“Бул мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып турат. Буга жыл сайын 30 млрд. сомдун тегерегинде каражат сарпталат. Республика боюнча мектептер курулуп, оңдолуп жатат. Жада, калса алыскы аймактардагы билим берүү мекемелери дагы интернет менен камсыздалууда. Өкмөт мугалимдердин айлык акысын 30%га жогорулатуу үчүн каражаттарды таап жатат. Бирок ушул жаңы имараттарда заманбап талаптарга жооп берген мугалимдер болбосо мамлекеттин күч-аракети текке кетет. Ошондуктан мугалимдер курамы балдар билим алууга умтулушу үчүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенүүгө тийиш. Заманбап шарттар чекти жоюууда жана интернеттин жайылышы менен окуучулар шаарларда жана алыскы аймактарда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп жатышат.

Өткөн жылы жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча жогорку упайды борбор калаадагы гимназиянын эмес, Жалал-Абаддагы орто мектептин бүтүрүүчүсү алганы буга далил. Биз ошондойэле окуучуларды олимпиадада жеңишке жетишип жана тестте жогорку упай алган мугалимдерди мамлекет тарабынан акчалай сыйлык сыйлоо керек деп эсептейбиз. Өкмөт бүгүнкү күнү бул үчүн канча каражат керектигин деталдуу иштеп жатат. Бул айлык акысын жогорулатуудан тышкары мугалимдер үчүн жакшы өбөлгө болмокчу. Бардык мектептерде балдар туш болууну каалаган, ата-энелер балдарын бергиси келген мугалимдер бар. Мындай мугалимдер көп болушу керек. Дал ушул максатта акчалай сыйлоо маселесин натыйжалуу чечүүгө тийишпиз. Мугалимдик кайрадан беделдүү жана ардактуу кесип болушу абзел”,-деди премьер-министр.

М. Абылгазиев сөзүнүн соңунда окуучуларды жана мугалимдерди, ошондой эле бул салтанаттуу ачылышка чогулгандарды Билим күнү менен дагы бир ирет куттуктап, окуудагы ийгиликтерди, бакыт жана бакубатчылык каалап, сөзүндө жаңы пайдаланууга берилген мектепке компьютердик класстар үчүн жабдууларды белек кылды.

Москва райондук администрациясынын башчысы-акими Өмүр Ногоев

- Москва району боюнча канча мектеп ачылды жана кандай иштер жүрүп жатат?

- Биздин Москва районунда 38 мектеп бар. 4 мектеп жаңы курулуп жатат, Мураке айылынын мектеби быйылкы окуу жылынын башталышы менен ишке берилди.  Балайылчы мектебинин ачылыш күтүп жатабыз. Дагы эки мектеп бар куруш иштери жүрүп келе жатып, кандайдыр бир себептер мененжумуш жылбай калды. С.Бегалиева атындагы орто мектеп да 5 жылдан бери салынып жатып, мына бүгүн ачылышына күбө болуп жатабыз. Буга албетте президентибиздин салымы чоң. Беловодское жана Ак-башат айылдарында да мектеп салынып иш аябай жай жүрүп жатат. Дагы айта кетчү нерсе Кепер-Арык айылындаэски мектеп бар, жыл сайын оңдоп-түздөө иштерин кылып турушат. Бирок санитардык абалы жакшы.

- Таза суу боюнча Москва районунун канча айылында көйгөй бар?

— Таза суу боюнча жалпы райондо көйгөй көп. Таза суу менен камыз болгон бизде бир эле айыл бар. ARIS долбоорунун негизинде Төлөк айылында бүт суу түтүктөрү жаңыртылып, жаңы суу тосмолору курулган. Калган айылдардын баарында маселе бар. Суу тосмолору санитардык талапка төп келбейт, суу түтүктөрү 60жыл мурун салынган бойдон алмаштырылган эмес. Четинен колдон келишинче жаңылап алмаштырып келе жатабыз, бирок жалпы чоң долбоор менен иш алып барбаса бүгүнкү күндө бул маселени чечүү кыйын болот. Буюруса төрт айылдын маселеси жакынкы аралыкта чечилгени жатат. Жаңы долбоорлор түзүлүп жатат, эмдиги жылкыга чейин долбоор бүтсө ишке кирет.

Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Насирдин КазиевичТезекбаев

-Быйылкы окуу жылына болгон жаңылыктарды айта кетсеңиз…

— Жаңы окуу жылына буюруса даярдыктар жакшы, жалпы 25 миллион 600 миң сом акча каражатын жумшадык. Билим күнүнө карата Мураке айылыбыздагы Салкын Бегалиева атындагы орто мектептин ачылышы болду. Жалпы 48 миллион 600 миң сом акча кетти. Ушул айдын аягына чейин дагы Балайылчы айылындагы  орто мектептин  ачылышын күтүп жатабыз. Биздин райондо дагы эки мектептин курулуш болуп жатат. Ал мектептерди жаңы жылга чейин ачабыз деген милдеттенме алып жатышат, эми баардыгын убакыт көрсөтөт. Жакынкы аралыкта ачылып калат деген үмүттөбүз. Москва району боюнча 20 миңдей окуучу бар. Быйылкы окуу жылына карата мектептердин даярдыгы жакшы. Буюруса биздин райондогу айылдар жаңы заманбап мектептер менен камсыз болот деп айтсам болот.

Б.ЖУСУПОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 14:26

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина