Жаңы конуштарга тиешелүү маселелерди чечүү жолдору талкууга алынды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 17, 2015 09:22

Жаңы  конуштарга тиешелүү маселелерди чечүү жолдору талкууга алынды

    6  17 июнь, Бишкек. 2015-жылдын 17-июнь күнү саат 14-00 до, «Айкөл Ордо» ресторанында «Жаңы конуштардын кеңеши» конференциясы өтөт. Бул жыйында жаны конуштарга тиешелүү маселелерди чечүү жолдору талкууга алынат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри, жергиликтүү  бийлик, жарандык коом, жергиликтүү активистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү  катышат.

Борбор шаарыбыздын тегерегинде элүүгө жакын жаны конуш бар. Алгачкы түшкөн жаңы конуштарга 25 жылдан ашык убакыт болгону менен көйгөйлөрдүн  баардыгы чечиле элек.

Маселелерди чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук уюмдар, жергиликтүү  активистер, өз жардам топтору ар кандай аракеттерди көрүп келишет. Ушул күчтөрдүн башын бириктирип, талкуу аянтчасын түзүү демилгеси көтөрулүүдө. Бытыранды болбой бир күчкө бириксек, чогуу аракет кылып өкмөт, парламент жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташууга шарт түзүлөт. Ошондо жаңы конуштардагы бири-бирине окшогон маселелерди чечүүгө, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алууга жол ачылат деген үмүттөбүз.

Сеил Максат кызы, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 17, 2015 09:22

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина