Жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:39

Жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери

7 Үстүбүздөгү жылдын март айында Аламүдүн райондук сотунун төрагасы К.Байсов, тергөө судьялары Б.Касымалиев, А.Зикиров, райондун прокурору Э.Стакеев, райондун прокурорунун орун басары А.Мойдунов, РИИБнүн ТК башчысы Э.Үркүнов жана РИИБнүн ТКнын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда чогулуш өткөрүлүп, анда 2019-жылдан баштап иштеп баштаган жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Чогулушта жаңы кабыл алынган Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик жана жоруктар кодекстери боюнча түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза реформалоодо кандай иштер жүргүзүлгөндүгү, Кылмыш-жаза кодексин реорганизиялоодо биринчи кадам  кылмыштык жорук (проступок), андан соң кылмыш чоң эмес, орто, оор жана өзгөчө оорлугу менен чектелиши керектиги талкууланды.

Жоруктар өзүнчө кодексте белгиленип, келтирилген зыяндын деңгээли чоң эмес болгондуктан жоруктар боюнча айып төлөтүү же оңдоочу иштер менен чектеле тургандыгы, жорук үчүн жоопко тартылса соттолгондук болуп эсептелбеси, соттолгондук  орто, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана калары айтылды.

Ошондой эле жарандардын арыз кайрылуулары жана билдирүүлөр кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандан тартып тергөө амалдары жүргүзүлүп башталары белгиленди.

Жаңы жазык кодекси боюнча эркинен ажыратууга максималдуу мөөнөт 15 жыл, ал эми минималдуу мөөнөтү 6 ай деп белгиленгендиги, бирок кылмышка жараша 20 жылга чейин эркинен ажыратуу мөөнөтү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу калтырылгандыгы, жаңы жазык кодекси боюнча мурда соттолгондугу тууралуу институту алынып салынгандыгы белгиленди.

Мындан сырткарысоттун өкүмү менен коомдон обочолонтпостон жаза жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын белгиленген адамдарга, түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү максатында 2017-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Пробация жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, аталган мыйзам 2019-жылдын 1-январынан иштеп баштагандыгы айтылды.

Пробация — бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын түзөөгө, алардын укук бузууларды жасоосунун алдын алууга, аларга социалдык көмөк көрсөтүүгө жана аларга карата кайра социалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган жеке социалдык-укуктук программаларга алардын ыктыярдуу жана катышуусунда аларга карата мамлекеттик мажбурлоо, коомдук таасир этүү чараларынын комплексин колдонуучу мамлекеттин социалдык-укуктук институту.

Пробациянын максаты — коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, пробациянын кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, алардын жаңы укук бузууларды жасоосун эскертүү.

Пробациянын негизги принциптери — мыйзамдуулук, гуманизм, пробациянын кардарынын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана урматтоо, укук бузуулардан жабырлангандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтоо, кайра социалдаштыруу процессин жекелештирүү, улантуучулук жана үзгүлтүксүздүк, ачыктык жана айкындык, социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасын аткарууга ыктыярдуу катышуу жана анын пробациянын кардары үчүн жеткиликтүүлүгү, пробациянын кардарларына түзөтүүчү таасир этүү жана аларды кайра социалдаштыруу менен жазык-укуктук таасир этүүнүн жазаларын жана мажбурлоо чараларын бириктирүү, пробациянын кардарынын жана анын үй-бүлөсүнүн жеке турмушунун купуялыгы.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү деңгээлде пробацияга катышкан жана пробация тутумун түзгөн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

Пробациянын милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында пробация боюнча кеңештер түзүлөт, алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгы белгиленди.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодекси боюнча доклад окулуп, түшүндүрмө берилип, чогулушта катышуучулардын талкуусуна алынды.

Чогулуштун жыйынтыгында сот, прокуратура, РИИБнүн кызматкерлерине иштеп жаткан жаңы кодекстер боюнча чогуу кылдаттык менен иш алып баруузарыл экендиги белгиленди.

 

 

    А.Мойдунов,Аламүдүн районунун

прокурорунун орун басары                                                                      

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:39

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина